Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айжан: "Уятыма чыдабай күйөөм менен ажырашууга аргасызмын..."

Айжан: "Уятыма чыдабай күйөөм менен ажырашууга аргасызмын..."

19-декабрь, 12:18
3 703 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен 32 жаштамын. Күйөөм экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 9 жыл болду, эки кызыбыз бар. Күйөөм эч кимге зыяны жок, жоош-момун, көп сүйлөбөгөн бир сырдуу адам. Эки кызыбызды тарбиялап, эл арасында жакшынакай күн кечирип жашап жүргөнбүз. Ушул жайда биздин жашообузда чоң бурулуш болду. Июль айында жумушумдан эс алууга чыгып, 7,4 жаштардагы эки кызымды алып, Көлгө эс алууга баргам. Күйөөм шаан-шөкөттү, үйдөн сырткаркы жашоону көп жактыра бербейт. Анын үстүнө жумушунан да бошобой “барбайм” деп койгон. Бир жумалык эс алуубуздун экинчи эле күнү көл жээгинен бир адам менен таанышып калдым. Кумдан чеп жасап ойноп жатышкан кыздарымдын ар бир кыймылына көз салып жээкте отурсам, бирөө сүйлөп калды. Менин жанымдагы эле кол чатырдын астында жаткан эркек экен. Өзү жалгыз сууга түшүп жүрүптүр. Сөз арасында эс алууга үй-бүлөсү менен келгенин, балдары майда экенин, алар уктап калгандыктан келинчеги да номерде калганын айтты. Ошол күнү кечки тамактанууда аны үй-бүлөсү менен көрдүм. Балдары чын эле абдан майда экен. Ортолору 1-2 жаштан болгон 2 кыз, 1 эркек бала чурулдашып жүрүштү. Кетер күнү эмнегедир таң эрте сууга түшкүм келди. Кыздарым уктап жатканда акырын туруп көл жээкке жөнөдүм. Барсам, сууга түшүп жаткан бирин-серин адамдардын арасында менин жаңы таанышым жүрүптүр. Ошондо экөөбүз көпкө сүйлөшүп, телефон номерлерибизди алмаштык. Кубат мага шаарга келгенде вотсап аркылуу жазып жатты. Мен да оюмда эч нерсе жок эле суроолоруна жооп кайтарып жазып жүрүп, экөөбүздүн жазышуубуз адатка айланып кетти. Бир күндө бир нече жолу жазышабыз. Анын ден соолугумду, иштеримди сурап турганы, комплимент айткандары мен үчүн жагымдуу эле. Өмүрү эч кимден мындай комплименттерди укпаганга өзүмдү 18 жаштагы кыз элестетип, тим эле элеп-желеп болуп алгам. Ал дагы мени менен күн сайын жазышып турбаса бир нерсе жетишпегендей боло берерин, аялзатынын көңүл буруусуна муктаж экенин, үйүндө ага көңүл буруу жетишпей жатканын, мени менен таанышкандан бери өзүн бактылуу сезип калганын жазып, бир күнү агынан жарылган эле. Антсе мен дагы сырымды ачып, күйөөмдүн мүнөзү кырсыраак экенин, ага эркелегим келерин, бирок анте албасымды айткам. Ошол күнү Кубат мени түштө чогуу тамактанууга чакырды. Мен да аны көргүм келип тургам, дароо эле макул болдум. Бир кафеден чогуу тамактанып, бир сааттан кийин кайра эле жумуштарыбызга тараганбыз. Кечинде жумуштан үйгө келсем күйөөм түнөрүп отуруптур. Телефону колунда экен. “Сени менен таанышкандан бери жашоом кызыктуу боло түштү”. “Меники да. Сени менен сүйлөшкөндө мен өзүмдүн аял экенимди сезем…” деп телефонунан окуп жатат. Жүрөгүм “шуу” этти. Булар Кубат экөөбүз бүгүн эле жазышкан сүйлөмдөр эле. Көрсө, күйөөм мени Көлгө жөнөтүп жатканда эле Whatsapp web кызматы аркылуу менин вотсабыма жол ачып алган экен. Кубат экөөбүздүн баштан берки сүйлөшкөндөрүбүздү окуп жүрө бериптир. Анан бүгүн жолугушканыбыздан кийин чыдабай минтип ачык айтыптыр. “Жолугушуп эмне кылганыңар түшүнүктүү болду” деп айламды кетирди. Жөн гана чогуу тамактанганыбызды айтканымды уккусу да келген жок. Түшүндүрүүгө кылган аракетим текке кетти. “Ансыз деле баарын түшүндүм, мен сенден мындайды күткөн эмесмин, сенде аялдык, энелик касиет жок экен” деген сөзү мени тирүүлөй сойду. Кубат менен байланышканыма ушунчалык өкүнүп жатам, ага дароо эле экинчи мага жазбасын айтып номерин өчүрүп салдым. Бирок баары кеч болуп калды. Күйөөм менен ажырашкым келбейт, кыздарым мага караганда атасын жакшы көрүшөт, аларды бири-биринен ажыратуу оюмда да жок. Бирок абийирим чогуу жашоого да тынчтык бербей жатат. Анысы аз келгенсип күйөөм күн сайын экөөбүздүн жазышкандарыбызды окуп берип, андан бетер жети өмүрүмдү жерге киргизет. Минтип кантип жашайм? Күйөөмдүн болсо менин айтканыма ишенип, кечире турган түрү жок.


Айжан
 Lady.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер