“Кашаң” мэр Жунушалиев гезит саткан киоскилерди кайрадан койдура алабы?

Бишкек шаарына экинчи ирет мэр болгон Айбек Жунушалиев алгылыктуу ишин көрсөтө албай, кедеринен кетип аткан чагы. Коомчулуктун нааразычылыгы жанданууда. “Ачыбаган камыр” сыңарындай образданып, жалпы жашоону артка тартууга салым гана кошо алабы?
Кызык. Жаңы жылда жалган желекти Ала-Тоо аянтына Айбек Жунушалиев илдирген турбайбы. Бул боюнча Садыр Жапаров маегинде ачыктады. Таңгалычтуусу, мыйзамсыз, тыянаксыз чечимдин натыйжасында, бир аптадан ашык белгисиз туу борбор калаабыздын чок ортосунда желбиреп турду. Маскарачылык эмеспи? Мындай жоопкерсиздик үчүн Айбек Жунушалиев жоопко тартылбай калдыбы? Мамлекеттүүлүккө шек кетип, улуттук баалуулугубузга доо жаралган жокпу? Маанилүү символубузга ушунча да жеңил-желпи мамиле жасалабы? Ооба, кырынан бериле турган суроолор көп.
Ансыз да акыр-чикир Бишкек шаарында убагында тазаланбай, шаардагы тыгынды жөнгө салмак турсун, аракетин да көрсөтө албады. Транспорт тартыштыгы жашоочуларды убайымга салып келет. Эми жол кирени кымбаттатуу менен алек экен. Идеясы жок, демилгесиз, дарамети жетишпесе, тажрыйбасыз болсо, кароолчу сыңарындай мэрияны кайтарып отурабы?
Дагы бир олуттуу маселе. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарындагы гезит-журнал саткан киоскилерди өчү бардай алдырып, ар кайсы шылтоолорду айтып, тескери жорук жасап кеткен. Кандайдыр бир бизнес кызыкчылык, жең ичинен пайда табуунун долбоору беле? Сыягы, кайрадан заманбап киоскилердин коюлары сөз боюнча калып, учурда гезиттердин сатылуусу кыйынга учурап калган кез. Бул маселени Айбек Жунушалиев карап, оң жагына чече турганы байкалбайт. Элементардуу көйгөйлөргө башы жетпей жатса, анан кантсин? Бирок киоскилерди кайрадан шаар ичине койдуруп чыгууга көп деле акылдын кереги жок. Коңшу же өнүккөн өлкөлөрдү алсак, баардык шаарларында гезит-журнал саткан жайлар арбын. Бир гана Бишкек бул жагынан да артта калып, элди караңгылыкка, сабатсыздыкка сүйрөп баратышкан кербездериби? Түшүнбөйсүң да, анан түңүлөсүң эй!
"Азия Ньюс" гезити