Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Кадыров: "Жаңы бийлик аброюн кантип сактап калса болот?"

Кубанычбек Кадыров: "Жаңы бийлик аброюн кантип сактап калса болот?"

30-октябрь, 00:58
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр С.Н.Жапаровго!)

22-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Плаза” мейманканасында коомдук-саясый ишмерлер, саясый партиялардын өкүлдөрү, саясат таануучулар, юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан “Кыргызстандагы азыркы саясатка саресеп” деген темада болуп өткөн ачык тегерек үстөлдө кабыл алынган 

Резолюция! 

4-октябрдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктардын негизинде 5-октябрда бийлик кокустан алмашты. Легитимсиз калган бийликти мыйзам талаасына келтирүү үчүн парламент эки жолу кворум чогулта албай, 3-жолку аракети менен бийлик араңдан зорго легитимдешти. Бирок, тилекке каршы, дүйнөлүк коомчулук, Евросоюз, ЕАЭБ алгач Кыргызстандын легитимдүү бийлигин колдогон абал өзгөрүп, КР президенти С.Ш.Жээнбеков кызматын тапшырууга аргасыз болду. Бүгүнкү күндө Евросоюз бийликтин бир колго топтолгонуна тынчсызданып жатканын ачык билдирүүдө. Орусиянын Кыргызстандын бийлигин легитимдештирүү аракеттери толук кандуу реализацияланган жок.  

5-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө саясый абал турукташа элек, социалдык-экономикалык абал оор бойдон турат. Жаңы бекиген президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өлкөдөгү абалды мыйзамдуу талаага алып келүүгө көп аракеттерди жасаганы менен абалдын турукташышы кыйын болуп турат. Коомчулук “өлкөдө дагы эмне болуп кетет?” деген кооптонуудан арыла элек. Бул абалдан чыгуу үчүн жаңы бийлик эмне кылуу керек?

Бийлик аракеттеги Конституция жана КР мыйзамдарынын негизинде аракеттенүүсү зарыл. “Эл талап кылып жатат” деп элге таянуу менен мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүүнү токтотуу керек.

Алдыда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолорду ачык-айкын, таза, демократиялык принциптердин негизинде өткөрүүгө тийиш. БШКга толук шарттарды жана мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү шарт.

5-октябрдан кийин дүйнөлүк коомчулукта пайда болгон терс көз карашты жоюу үчүн коңшу жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен эл аралык мамилени тезинен жакшы абалга алып келүүгө аракеттерди көрүүгө милдеттүү.

Кадр саясатында билимдүү, тажрыйбасы бар, коррупциялык көрүнүштөргө чалдыкпаган таза адамдарды мамлекеттик кызматтарга тартуусу зарыл. Тууган-урук, жердешчилик, дос-жар, куда-сөөк, бажа, өкүл бала деген кызыкчылыктарды кадр тандоо саясатында токтотуусу абзел. Коомчулукта “жаңы келген бийлик өзүдөрүнүн жакындарын, өкүл балдарын бийликке алып келип жатат” деген нааразы пикирлер эмитен айтылып жатат. Бул аракет жаңы бийликке аброй алып келбейт. 

Инвесторлорду коргоо, бизнестин эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүп, жоопкерчиликти өз мойнуна алууга милдеттүү. Экономикада өндүрүш контурун өзгөртүү кечиктирилбей ишке ашуусу кажет.

Кызматында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен мамлекеттик кадрларды күч менен мажбурлап иштен кетирүүнү, аларга болгон кысымдарды тез арада токтотуу зарыл. Мыкты иштеп жаткан кадрларды өгөйлөбөстөн, потенциалын колдонуп, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө тийиш.

Мамлекеттин бюджетине ири киреше алып келип жаткан ишканаларга, акционердик коомдорго өз адамдарды алып баруу максатында (парламенттик шайлоодо коллективдин добушу керек деген максат) ИИМ, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана УКМК аркылуу мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөндү токтотуусу керек.  

А.Атамбаев мезгилинде саясый негиз менен камалган Д.Сарыгулов, Б.Асанов, К.Кадыров, Б.Талгарбеков, Э.Карыбеков жана башка саясатчылар тезинен акталышы шарт.

Коронавирус илдетинин экинчи эпкинин болтурбоо максатында иш-аракеттерди күчөтүүсү керек.


Уюштуруу комитети:

Жылдызбек ТУРГАНОВ, коомдук ишмер;

Кубанычбек КАДЫРОВ, экс-депутат, саясый-коомдук ишмер.

Тел.: (0776) 506 446

Дареги: Бишкек шаары, Т.Суванбердиев көчөсү, 108-63

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер