Милдетин аткарбаган Оролбек Акпаровдун жоопкерчилигин УКМК карашы керек

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгын жетектеп келген Оролбек Акпаровдун ишмердигине баа берүү мезгили келди. Өлкөдө УКТнын канчалык деңгээлде гүлдөп-өсүп кеткенине күбө болдук. Дал ушул багытта орчундуу иштерди жүргүзө турган Оролбек Акпаров системаны “шалга” айландырып, көп нерсеге кайдыгер караганы ушулбу? “Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап” дейт. Анын сыңарындай, Оролбекти айдап жиберип, ордуна ишбилги, тажрыйбалуу кадрды дайындоо керек, болбосо аталган башкармалыкты жоюп жибергиле! “Аты улук, супарасы курук” демекчи, шагыраган өздүк курамы бар мекеме жыйынтык көрсөтпөй, жөн эле мамлекеттин эсебинен айлык алышып, жыргай беришеби? Уюшкан кылмыштуулукка каршы УКМК чыныгы күрөштү көрсөттү. Оролбек кыла турган жумушту алар жасап атышат, туурабы? А эмнеге түштөн кийин буларды эркелетиш керек? Андыктан, Камчыбек Ташиев дал ушул маселеге көңүл буруп, илээнди, кайдыгер жетекчилердин жоопкерчиликтерин карашы керек. Мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарышпаса, бул да кылмыш эмеспи?..
"Азия Ньюс" гезити