Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркин Нурбаев: "Кыргызстанда президент номиналдык фигура катары иштеш керек"

Эркин Нурбаев: "Кыргызстанда президент номиналдык фигура катары иштеш керек"

19-декабрь, 12:10
1 303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- "Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүнүн" үнү угулуп, таасири тийерине көзүңүз жетеби?

-- Биздин үнүбүз сөзсүз түрдө угулат. Бирок, ага убакыт керек. Маршка чыгып аткан жарандык коомдун көп өкүлдөрү өз учурунда Райым Матраимовго, депутат Гүлшат Асылбаеванын мыйзамына каршы чыгышкан. Алардын жыйынтыгы акырындык менен келди. Мында деле ошол үмүт бар. 

-- Президенттик башкарууга каршы болуп, ал элдин, мамлекеттин кызыкчылына туура келбейт дедиңиздер. Себеп?

-- Дүйнөдөгү көп мамлекеттер президенттик башкаруудан баш тарткан. Ошол эле Россия менен Казакстандын саясатына көз салсак, алар деле билинбеген менен парламенттик башкарууга басым жасап атышат. 

Биз 2010-жылкы болгон окуяларды тез эле унутуп, үй-бүлөлүккландык башкарууга өтүп кетүү оңой эле экенин эске албай жатабыз. Мен парламенттик башкаруунун жактоочусумун. Ошондуктан, президенттин номиналдык фигура катары иштешин каалайм. Негизги чечимдерди парламент кабыл алышы керек. 

-- Кандай башкаруу болбосун мыйзамдар так аткарылып, тартип күчөмөйүн өзгөрүү болот деп ишенесизби?

-- Бардык нерсе сотторго байланыштуу болгондуктан, аларды эч кимден көз карандысыз кылуу маанилүү. Качан гана адилеттүү сот бийлиги орногондо, мыйзамдар так аткарылып, тартип орнойт. 

-- Конституциялык реформаларды колдогондор жана колдобогондор социалдык тармактарда кайым айтышууда.  Эмне үчүн орток пикирге келүү мүмкүнчүлүгү болбой жатат?

-- Бул жерде эки башка класстын өкүлдөрүнүн карама-каршы пикирлери орун алууда. Тилекке каршы, 30 жылда орто класс жоголуп, колунда бар жана колунда жоктордун ичинде чоң   ажырым пайда болду. Жыйынтыгында, эки тараптын бир түшүнүккө келиши кыйындап атат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер