Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимовго каршы митингге чыгуу негизсиз. Себептери бар...

Райым Матраимовго каршы митингге чыгуу негизсиз. Себептери бар...

15-декабрь, 00:33
1 073 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейинки жарыяланган “Азаттыктын” иликтөөлөрүн УКМК териштирүүдө. Райым Матраимовду эки ирет күбө катары суракка чакырды. Ал өзү да интервью берип, айтылып аткан дооматтар жалган жалаа экенин түшүндүргөн. Бул боюнча сотко да берди. “Азаттык”, “Клооп”, “24.kg сайттарынын эсептери камактан чыкты. Негизинен алганда, демократиялык принциптер бузулган жок. 

Натыйжада, УКМКнын иликтөөсүн, Райым Матраимовдун доо арызынын негизиндеги соттошууну күтүш керек. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, баардык жагдайдан саресеп салууга убакыт бар, коомчулук астында чындык кайсы тарапта экенине жетүүгө шарт түзүлдү. Анан болбой эле ураалап митингге чыгуунун артында саясый оюндар болууда. Чыныгы коррупцияга айыпталгандар ТЭЦтин кыйрашы, андан солонгон миллиондордун негизинде соттолушту. Башка да козголгон чоң иштердин алкагында тергөөлөр жүрүүдө, бир топ адамдар түрмөдө отурушат. Мына ушул өңүтүнөн карасак, бийликке өчөшкөн тарапташтар, бир жагынан Батыштын “ийри идеологиясынын” атакасы менен кылдан кыйкым издегендер, бейөкмөтчүлөр, трайбалисттик оорудан арылбагандар жаалашып, Райым Матраимовду бутага алышып, далилденбеген коррупциялык жарлыктарды тагышып, жалпы элдин көзүн будамайлоого басым жасашууда. “Чапкан жерден эле көз чыкпайт” дейт. Өткөн митингде да “Реакция” ураанын көтөрүп чыга калышканы ачык эле сырткы душмандардын буйрутмасы, чоң кармашка даярдык көрүү ыкмасындай байкалды го? Ириде, элибиз ар кандай тескери күчтөрдүн куралы болуп калбашы зарыл. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарууга”, будамайлоого көпчүлүк жетеленип, алданып кала турган мезгилдер өткөн...

Акыл токтотуп, аңдап көрсөк, Райым Матраимовдун популярдуулугуна тескери реакция жаратышып, провокация кылуу менен саясый мүдөөлөрүн ишке ашырууга, бузукулук жаратууга жандалбастоо жакшылыкка алпарбайт. Райым Матраимовдун да укугу бар, тебеленбеши шарт! Буга дейре канчалаган каралоолорго чыдап келди, эми иш жүзүндө баардык соккуларды сот аркылуу териштирип алсын да. Көчөгө чыгуу аркылуу башаламандык жасоого ниеттенгендер катуу жазаланып калышы ыктымал...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер