Рустам Жунушев: “Бизде ундун запасы арбын, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок”

Тегирменчилер комитетинин жетекчиси менен маек.
-- Азыркы учурда ун, кумшекер, өсүмдүк майына ажиотаж жаралып, дүкөндөрдү эл талап, чочулоолор болууда. Бизде ун түгөнүп калуу коркунучу жокпу?
-- Бүгүнкү күндө ун запастары бар. Коркунучтар жок. Жыйырмадан ашык ун комбинаттары иштеп жатат. Азыркы кырдаал боюнча өкмөткө кайрылып жатабыз. Министрлер кабинети Россия тарап менен сүйлөшүп, буудай алып бергенге аракет кылышууда. Бүгүнкү күндө ун запастары арбын, чочулоого негиз жок. Эл азык-түлүктү ашыкча алып, ызы-чуу жаратышууда. Аларды көрүп, базардагы ортомчулар да бааны көтөрүп жиберишти. Комбинаттар азыр ундун дүң баасын 32 сомдон сатып жатышат. Мекемелер өздөрү жарманкелерди уюштурушууда. Комбинаттардын фирмалык дүкөндөрү бар, ошол жактан да алса болот.
-- Ун биздин өлкөдөн башка өлкөлөргө экспорттолбойбу?
-- Бизден ун экспорттолбойт. Биздин тегирмендер ички рынокко эле иштейт. Кыргызстандын ичин эле камсыз кылабыз. Экспортко чыкканга азырынча мүмкүнчүлүгүбүз жок. Мурун деле экспортту Казакстан, Өзбекстан кылчу. Ошон үчүн ундарыбыз сыртка чыкпаса, Кыргызстандын ичинде эле пайдаланылса, запастарыбыз бар.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити