Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаркул Токтоналиевдин «Баатыр Шабдан» романы, андагы ачылган образ…

Жапаркул Токтоналиевдин «Баатыр Шабдан» романы, андагы ачылган образ…

04-сентябрь, 08:00
313 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карыя жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин 2006-жылы басылган «Баатыр Шабдан» романында XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы кыргыз элинин тарыхы, Орусия империясы менен Кокон хандыгынын талашына кабылган кыргыз элинин оор тагдыры, ошондой кыйын кезеңде элдин келечеги үчүн адал эмгегин аянбай жумшаган инсан баатыр Шабдандын тарыхтагы орду кенен-кесир сүрөттөлөт.

Романдын аталышынан эле байкалгандай, мындагы негизги каарман – Шабдан баатыр. Автор аны бала кезинен тартып эле элет турмушунун окуяларына жандуу аралаштырып баштайт. Шабдан өзүнө тең чамалуу башка балдардан өзүнүн токтоолугу, ойлонуп сүйлөгөндүгү, «бийдин баласымын» деп өзүн көтөрбөй, жөнөкөй жүргөндүгү менен айырмаланып, ошол жаш кезинде эле көкбөрүгө, улак тартышка түшүп, баатырдык сыны эртелеп байкала баштаганы баяндалат. Ал жаш өспүрүм курагынан тарта коңшу казактардын жана Текес калмактарынын жылкысын тийип келүү сыяктуу күрдөөлдүү иштерге катышып баштайт. Албетте, мындай ишке жаш өспүрүмдү мындай коёлу, өсүп жетилген жигиттердин ар бири эле бара алган эмес. Анткени мындайда жанды тобокелге салып, өлүм менен бетме-бет турууга туура келген. Алгач бул кылганын баатырдын иши деп түшүнгөн өспүрүм Шабдандын бара-бара көзү ачылып, «туура эмес иш жасадымбы?» деп күмөнсүнүп баштайт. Анткен менен атасы Жантайдын ишенген жигиттеринин бири Түлөкабыл менен адеп барганында эле ал өзүн ишеничтүү, тайманбас көкжал баатыр катары көрсөтө алган (Ж.Токтоналиев, Баатыр Шабдан. – Б.: Бийиктик, 2006. – 54-69-б. Мындан ары китептин бети көрсөтүлөт.). Тарыхчы Өскөн Осмоновдун «Шабдан баатыр» аттуу макаласында: «Шабдан баатырдык катары бааланган жылкы тийиштерге 13 жашында эле катышкан. Алгачкы жолу ал айылдагы Түлөкабыл баатыр баштаган кыргыз жигиттеринин өтө кооптуу жортуулуна катышып, бетме-бет кармашта жеңил жаракат алып, тайманбас эрдик мүнөзү менен эл оозуна алына баштайт» (Ө.Осмонов, Шабдан баатыр // «Кыргыз туусу». – 2009, 6-октябрь.) деп жазганы жогорудагы айткандарыбызга толук дал келет.

Шабдандын алгачкы сүйүүсү коңшу айылдагы Отор дегендин Акак аттуу кызы болот. Шабдан жакшы эле көңүлдөндү эле, бирок эстүү, намыстуу кыз өзүнүн тексиз жерден экенине басым коюп, түбөлүккө кол кармашкандары туура эмес болуп каларын ынандырат да, ага турмушка чыгуудан баш тартат (96-104-б.). Андан да атасы Жантай «жетесиз Отордун төрүнө кантип барабыз?» деп каршы чыгып, анан Шабдандын каршы болгонуна карабай, «катын албай кайын ал» дегенчелик кылып, Жангарач бийдин Бак аттуу эрке кызын алып берет. Бул эпизоддон биз Шабдандын ата сөзүн эки кылбаган, улууларды сыйлаган, сыйчыл адам болуп өсүп бара жатканын баамдайбыз. Тарыхый булактарда да Шабдандын Жангарач бийдин кызына үйлөнгөн деген маалымат кездешет. Ал эми Отор деген жай адамдын кызы Акак жөнүндө тарых барактары унчукпайт. Бул биздин оюбузча, казак кесипкөй адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» роман-эпопеясындагы Абайдын сүйгөнү катары берилген Тогжан кыз сыяктуу ойдон чыгарылган каарманга окшойт. Сынчы К.Даутов: «Мындай каармандар турмушта реалдуу жашабаганы менен тарыхый өнүгүштүн ошол формациясына мүнөздүү, доордун социалдык табият духуна, уруулук жаатчылык курамына баш ийдирилип, өлкөнүн ички-тышкы саясый контекстине түшүрүлүп, ошол турмуш чыгарган ишмер кишинин үлгүсү катары жазылган. Ошол доордун жүгүн көтөрүп, орто катмарлардын эки тарапка жасаган кубулма мамилелерин, өзгөчө психологиясын алып жүрөт» (К.Даутов, Мезгил сыны жана мен. – Б., 2004. 346-347-б.) деп белгилегендей, мындай ойдон чыгарылган каармандарды ар бир тарыхый роман жаратуучу жазуучулардын чыгармаларынын баардыгынан кезиктирсек болот. Мисалы, Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы бүркүтчү Сарыбай, данбагар Теңирберди, Абил бий, Бекназар сыяктуу чоң образдар жана М.Ауэзовдун «Абай жолу» роман эпопеясындагы Деркембай, Базараалы, Эрбол тариздүү тарыхта болбогон адамдарды каарман кылып киргизген эле да. Мындай образдарды, ошондой зарылдык менен келтирилген табылгаларды, жазуучу өзү ойлоп таап, өзү түзгөн үлгүгө салып, кадимки типтүү инсандар катары катыштырат.

Кийинки бөлүм «Көк секиге суу чыгаруу» деп аталып, мында кеп көк шиберлүү, мал-жанга да, адамдарга да жайлоого боло турган тегиз көк секи тууралуу болот. Ошол секи Шабдандын көңүлүн бөлүп жүрөт. Анткени, жайытка суу өтө эле алыс жайгашкандыктан, кыз-келиндер чакалап, челектеп ташууга аргасызданышкан. Малды сугарыш да ошончолук эле кыйынчылыкка турган. Муну байкаган Шабдан айыл аксакалдарынын батасын алып, айылдаш эр-азаматтары менен биргеликте көк жайыкка алыш казып суу алып келет. Элдин батасын алып атагы алыска тарай баштайт.

Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, Шабдан баатыр азыркы Кемин районундагы Боролдой менен Акбекет айылдарынын ортосундагы бош жаткан жерлерди айдаттырып, эгин эктирген жана сугат каналдарын курдурган. Бул иштердин эстелиги катары Акбекетке жанаша жайгашкан Жаңы-Алыш айылындагы «Шабдан арык» деп аталган сугат каналы биздин күндөргө чейин сакталып калган деген маалымат кездешет (Ш.Беделбаев, Шабдан баатыр. – Б., 2003. 369-б.).

1860-жылы теке айынын акыркы күндөрү Бишкек чебинин беги Атабектин жардамчысы болуп жүргөн Насурулла жигиттери менен келип, Жантай бийдин конушуна түшөт. Анын милдети Жантайдын атагы алыска угулуп калган уулу Шабданды Кокон ордосуна кызмат этүүгө чакырып келүү эле. Ансыз да «кайсы бир хандын кол алдында кызмат кылсам» деген тилекте жүргөн Шабдан тез эле макулдугун берип, келгендерди коноктогон соң, эртеси алар менен Бишкек чебине жол тартат. Бишкек чебинен Кокон хандыгынын даткасы, казак Тойчубек бийдин уулу Байсеит менен таанышат. Ал экөө чепте аскер өнөрүн бирге үйрөнүп, анан Мала хандын алдында да бирге кызмат өтөмөкчү болушат. Жазуучунун ушунда тарыхый инсан Шабдандын эли-жерине чын ниетинен берилген, элим-жерим деп чындап жүрөгү соккон патриот адамдын образын бергиси келгени байкалат. Анткени Насурулла бек ага өзбек сарбаздарынын кийимин кийип алууну сунуш эткенде, «жок мен кызмат этсем, өз элимдин улуттук кийимин кийип эле кызмат кылам. Башка элдер деле билсин, кыргыздар да Кокон хандыгына кызмат кылып жатканын» деп баш тартат (161-б.). Бул баатырдын хандыктын ичинен алган ордунан өз элинин каада-салтын, маданиятын, элдик намысты жогору коюп жаткандыгынан кабар берет. Ошентип мерчемдүү эки жума да өтүп, Насурулла бек аларды Кокон хандыгынын ордосуна алып жөнөйт. Ал жерден да турган турпаты, орундуу сүйлөгөн сөздөрү менен хандын купулуна толуп, келгендеринин урматына хан алтындалган, шам усталары соккон эки болот кылычты экөөнө тартуу кылат (171-б.).

Хандын ишенимине кирген Шабдан 1860-жылы 19-21-октябрда Узун-Агач-Кастек аралыгындагы орус аскерлери менен кокондуктардын ортосундагы кагылышууга катышкан. Бул беттешүүдө кыргыз манаптары Шабдан баатыр, Суранчы баатыр, казак султандары Байсеит, Садык башында турган 500 тандалма жигит орус генералы Г.А.Колпаковскийдин аскерлерин айланып өтүп, Верныйга чейин кирип барган. Бул аракет орус аскерлерин алагды кылып, кокондук кошуундарды оор жоготуудан сактаган да, майдандан чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн делинет (Ө.Осмонов, Шабдан баатыр // «Кыргыз туусу». 2009, 6-октябрь).

Айтмакчы, тарыхый маалыматтар ошол учурдагы саясаттын таасири астында оңдолуп-түздөлүп же тескерисинче бурмаланып, кара боёктор менен шыбалышы ыктымал. Биз жогоруда келтирген Шабдандын Узун-Агачтагы согушу тууралуу тарыхый маалымат Совет бийлиги кулагандан кийин такталган, жазылган болсо, совет бийлиги башкарып турган учурдагы маалыматка көңүл бурсак, анда ушул эле Шабдандын Узун-Агачтагы согушу тууралуу минтип жазылат: «Узун-Агач согушунда Шабдан 21 жашта болуп, урушка кирбестен бир канча киши менен барып Кашкелеңдин аймагында балык уулап жүргөн бир орусту өлтүрүп, башын кесип келип Канатка тартуу кылган» (Б.Солтоноев, Кыргыздар. – Б., 1997, 369-б.) деп жазылган. Байкалгандай, бир эле Шабдан баатыр эки башка мезгилде жазылган тарыхый маалыматтарда эки башка сүрөттөлүп, андан да кийинкисинде «ал эч кандай деле баатыр эмес, бетме-бет согушкандан качып, жалгыз-жарым жүргөн жай адамдарды өлтүрүүгө маш» деген пикирди жаратат.

Ал эми «Баатыр Шабдан» романында Узун-Агачтагы кагылышуу кыргыз эли эгемендүү мамлекеттүүлүгүн өз колуна алгандан кийин жазылган тарыхый булактардагы маалыматтарда кандай болсо, так эле ошондой эч кандай бурмалоосуз баяндалып берилет. Мында Шабдан 500 жигиттери менен генерал Колпаковскийдин чабармандарын Верныйга жөнөтүп, жардам чакыруусуна каршы туруп, өткөрбөй жолун тосуп турган. Артында калган Кокон аскерлеринин башкы колбашчысы Канат шаа «артынан сокку урам!» деп Шабданды жол тосууга жиберип, өзү чепти көздөй аскерлери менен качып кетет. Ошентип бир топ баатырдык эрдиктерди көрсөтүп, кагылышууга жоону көздөй өзү биринчи аттанып, кокондуктардын ишеничине кирет. Мала хан өлтүрүлгөнү Кудаяр хандын кайрадан өз тактысын ээлөөсүндө өзгөчөлүү эмгек сиңирип, андагы согуш ишин мыкты алып барганы, бүтүргөн эрдик иштери үчүн Канат шаанын сунуштоосу менен Кокон ханы Кудаяр хан тарабынан Хазирет Султан шаарынын (азыркы Түркстан шаары – О.Б.) беги болуу мартабасы ыйгарылат.

Шабдандын бир тууган эли-жерине чын жүрөгү менен берилген патриот экендигин романдын «Айылда», «Зынданда», «Зордукка ооздук» деген бөлүмдөрүнөн да көрсөк болот. Кокондон Хазирет Султан шаарына жол тартардын алдында бир аз эс алайын деп туулуп өскөн айылына келген Шабдан алгач атасы Жантайдын Коконду жерип, орустарга ооп баштаганын жаратпайт. Дале ордодон үмүтүн, ишенимин үзбөгөн ал кичипейилдиктин урматына Кокон хандыгынын Бишкектеги чебинин беги Рахматуллан менен учурашканы барып, анын «ордумду тартып алганы келди» деген көралбас ичтардыгынан улам жан жигити Баяке менен биргеликте зынданга салынат. Зындандан Баякенин тапкан амалы аркылуу кутулуп, айылга кайтып келишет. Ошонун эртеси Бишкек чебинин сыпайларынын өзүм билемдиги күчөп, айылдарды аралап, көңүлүнө жаккан мал-тегени суроо-сопкутсуз айдап кетип жүргөндөрүнөн, ал эле эмес татына чырайлуу кыз-келиндерге да кол сала баштаганынан кабардар болот.

Анткен менен Шабдан деле Кокон ордосунан үмүтүн үзө элек. Эртеси ал жигиттери менен Кокондун Пасымкулак аттуу жүз башысынын жасап жаткан зомбулук иштеринин үстүнөн чыгып, аларды бейбаштыгы үчүн айыптап, тартипке чакырат. Жүйөө сөздү укпай, андан да колдоруна курал алып каршы жутунушкан соң аны бир-эки сыпайлары менен кошо набыт кылып, аттарына өңөртүп, чепти карай айдатып жиберет. Мындай ишке бир чети жөнжай адам бара албас эле. Демек, «Шабдан! Шабдан баатыр!» деп дайыны ушу бүгүнкү күнгө чейин өчпөй, санжыралардын, уламыштардын учугу үзүлбөй айтылып келе жаткандыгы бекер жерден болбосо керек.

Ошондон көп өтпөй Бишкектин беги Рахматулланы солтонун манабы Байтик алдап конокко чакырып, капыстан басып өлтүртөт. Ушунда минтип Кокон ордосунун Чүйдөгү бийлиги кулап, орус бийлиги келер маалда Шабданга өзүнүн кайсы тарабында болорун аныктап алуу зарылдыгы турган эле. Анын абалына түшүнүү менен мамиле кылган атасы Жантайдын суроосуна Шабдан төмөндөгүчө деп жооп берет:

– Менин абалыма орток болгонуңузга балаңыз катары ыраазымын. Заман куюна ык тартып силер эл менен болсоңор мен да эл менен, силер менен боломун. Кудай алдында ордого берген антыма да акмын. Эл ыктаган жакта элге кызмат өтөйм. Бирок Алтын Бешик ордого далымды салбайм. Аларга кылыч көтөрбөйм... (277-б.)

Мындан Шабдандын чынчылдыгы, ниетинин түздүгү, ант-шертке бекемдиги, ошону менен бирге кырдаалга баа бере билгендиги, баарынан жалпы эл кызыкчылыгын жогору койгону көзгө урунат.

Орустар кыргыз жергесине кирери менен Бишкек чебин кулатып, түндүк кыргыздарын өзүнө ыктатып алат. Алардын ичинде баатырдын өз атасы Жантай менен кайнатасы Жангарач да бар. Атасынын таасири менен бир жагынан, экинчи жагынан Кокон сыпайларынын кылган иштерин өз көзү менен көрүп калган Шабдан орус төбөлдөрү менен чогуу иштөөгө макул болот. Алар менен алгачкы жолугушуусунда генерал Колпаковскийге минип жүргөн карагер атын тартуу кылат. Санжыраларда да «Шабдан өз атын орус төбөлдөрүнүн бирине тартуу кылган» деп айтылат. Бирок жазуучулар бул фактыга карата өз көз караш мамилелерине, маалыматынын так же так эместигине жараша окуяны чыгармаларынын өздөрү каалаган, ылайык деп эсептеген жерине, бөлүмүнө коюп жүрүшөт. Жогоруда жазылгандай, Т.Касымбеков «генералга Шабдан өспүрүм бала кезинде ат тартуу кылган» десе, Ж.Токтоналиев атты Шабдандын баатыр деген атакка татыктуу болуп калган кезинде тартуулатып жатат.

Кийинки эпизод – тарыхта да абдан белгилүү болгон, эч кандай талаш-тартыш туудурбаган эпизоддордун бири Тайлак баатырдын уулу Осмондун орустардын «миң түтүнгө бир болуш» деген мыйзамы негизинде элдерди аралап, эсебин алып жүргөн капитан Загряжскийди солдаттары менен туткунга алып, анан Шабдандын кийлигишүүсү менен аларды кайра бошотууга аргасыз болгон 1868-жылдагы окуя. Ушул окуяга эле аралаш Шабдандын калмактан тийип келген малды кайра ээлерине кайтарып бергени тууралуу баяндалат. Мында ал кылганына өкүнүп, пейилди оңдоо керектигин айтат.

Албетте, Ж.Токтоналиев мында Шабданды өтө эле идеалдаштырып жиберген. Андан көрө анчалык эле өзү алгысы келбесе, Баяке сунуштагандай карапайым элге таратып берсе, кыйла реалдуу, турмуш чындыгына жакыныраак болмок. Бул эпизод автордун жеке кошумчасы, тарых булактарында мындай маалымат жок.

Эгер капитан Загряжскийдин туткундалганына байланыштуу окуя татаалдашып, дагы тереңдей турган болсо, жазалоо отряды жиберилип, карапайым элге кесири катуу тийерин туюнган Шабдан курал-жарактуу жигиттерин алып, Тогуз-Торону көздөп жөнөп калат. Ушунда Шабдандын ар нерсеге терең карап, алдыга коюлган маселени тездик менен чечкен чечкиндүүлүк мүнөзү, аскер ишин мыкты билген билгирлиги көзгө урунат. Шабдандын акылы менен жигиттердин жарымы Баякенин башчылыгында капитан Загряжский жана анын солдаттары камалып жаткан эски чепке, калган жарымы Шабдандын баштоосунда Көгарт боюндагы Осмон датканын айылына кол салмак болушат. Шабдан жигиттери менен Осмондун айылын камынтпай басат. Бул кыйчалыш жагдай оң жагына чечилип, капитан Загряжский солдаттары менен туткундан аман-эсен бошотулганы Шабдандын эл ичинде, орус колониалдык бийлигинин алдында кадыры артат.

Тарыхый инсан Шабдан баатырдын кең пейил, жоомарт, кечиримдүү, сабырдуу адам экендигин айгинелеген бөлүм «Кордоо жана кечирим» деп аталып, анда эки жылда бир өтчү аймактагы калктын түйүндүү маселелерин чечүүгө арналган жыйын тууралуу жаңы келген бийликке билдирип, анын ошол жылы Каракол уездинде болорун бекитип, Шабдан орус төбөлдөрүнөн уруксат алып, Чыныбай аттуу Каракол уездинин болушуна кабарчы чаптырып, өзү белгиленген мөөнөттөн эрте барып жардам көрсөтөрүн маалымдайт. Аны уккан Чыныбай кандай жол менен болсо да жыйынды кийинкиге жылдыруунун жолун издеп, акыры быйыл элдин тосо турган алы жок, эл кыйналып жатат (!) демиш болуп, жыйынды кийинки жылга жылдыртат. Анткени анын Шабдандын эл ичинде эле эмес, жаңы бийликтеги орустардын да ишеничине кире баштаганын көралбастык жайы бар эле. Андан кабары жок Шабдан жигиттери менен 1872-жылы тогуздун айынын аяк ченинде Караколду көздөй жөнөйт. Ал жактан аны эч ким күтүп албайт. Болгон окуяны уккан соң, артка кайтарында Солтобай аттуу ырчынын кордоо маанисиндеги ырына туш болуп, канчалык сөөккө жете турган сөздөрдү укса да чымын чаккандай болбой кете берет. Кийинки жылы 1873-жылы жетинин айынын башында жыйынды өз жергесинде өткөрмөк болот. Бугу элинен кордук көрүп, таш жеп келген Шабдан аларды аш менен сокмой болуп, ар бирине өз-өзүнчө боз үй тиктирип, аябагандай сыйлап, жолдоруна салат. Алар коркуп жүргөн, Ормон хандын да кунун Шамен менен кеңешип, акыры доолабайт.

Шабдандын чыныгы дипломат экендигинен кабар берген эпизоддор «Элдин сунулган колу», «Көрүнөө салгылашуу армансыз», «Анжыянды тынчытуу» деп аталат. Бул бөлүмдөрдө Ж.Токтоналиев тарыхый инсан Шабдан элдин тынч жашоосун сакташ үчүн түштүк тараптагы улам-улам көтөрүлүп турган элди жана алардын жетекчилери болгон миңбашы Мусулманкулдун уулу Абдрахман, өзүн хан атап алган Жатым бий жана Курманжан датканын уулу Абдылдабек менен сүйлөшүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди бөөдө кыргындан сактап калгандыгын көркөм сөз каражаттары аркылуу тарыхты бурмалабай, так өзүндөй кылып бере алган. Шабдан баатырдын дипломаттык аракети жеке эле кыргыздар эмес, коңшулаш тажик, өзбек, казак кыргыз-кыпчак жана башка элдердин Россия империясына тынчтык сүйлөшүүлөр менен баш ийишине түрткү болгон. Буга анын генерал Скобелевдин тапшырмасы боюнча он беш жигити менен Каратегиндин шахына элчиликке барышы күбө. Бул жолу Шабдан баатыр шахтын ишенимине кирип, чек ара мамилелерин алдын ала тактоого жетишкен. Ал эми казак элине жардам берүүсү өзүнчө кеп. Мындагы башкы окуя болуп өлгөн орус солдаты үчүн колониалдык бийликтин кишилери ошол жердеги казактардын Жапар төрөсүн күнөөлөп, он жылга сүргүнгө айдамакчы болгондо, Каржоубай карыянын Шабдан баатырга келип жардам сураганы жана Шабдандын генерал-губернатор Ф.Кауфмандын жардамы менен аны туткундан бошоткону эсептелинет.

Шабдандын аскер кайгуулу катары акыркы жүрүшү 1878-жылга туура келет. Бул жылы ал жигиттери менен Кытай чек арасын чалгындоо максатында жиберилген полковник Гринвальд баштаган орус отряды менен биргеликте Ат-Башы суусунун жээгинде кызмат өтөгөн. Ошол кезде Циндик кытайлар Ат-Башы суусунун сол жагынан тартып, азыркы Казыбек айылын, андан ары Арпа, Ак-Сайды ээлеп алууга аракеттенишкен. Акыры алардын тополоңун чыгарып, кыргыз чек арасынан алыс кууп салышат. Баатыр өз жигиттери менен бул кармашууларга жигердүү катышып, дайым алдыңкы сапта жүргөнү белгилүү. Бул кармашта Шабдан көрсөткөн бөтөнчө эрдиги үчүн Анна лентасындагы чоң алтын медаль менен сыйланган. Бул тарыхый маалымат да автор тарабынан түк бурмаланбай дал ушундай эле берилген.

Шабдан баатырдын образынын Ж.Токтоналиевдин «Баатыр Шабдан» романында ачылыш жагдайын жыйынтыктоодон мурда ушунда бир маселеге кайрыла кетүү зарылдыгы бар. Шабдан Анжыянды тынчытуу маалында, башкача айтканда, Абдрахман аптабачы, Жатым бий менен жана Абдылдабек Алымбек уулу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурларда эч кандай карама-каршылыктарга учурабай, баардыгы бир беткей бир эле жолугушуу менен бүтүп, ошондой эл башкарып, миңдеген аскер башкарып жаткан улуу адамдар Шабдандын сөзүнө муюшуп, тез эле орустарга кошулууга макулдугун беришет. Адабиятчы Байназаров: «Писательский взгляд на прошлое, на человеческую личность, действующую в нём, должен быть точен и психологически выверен, лишен как идеализации, так и очернительства» (Ф.Л.Байназаров, Проблемы и традиции современности. – М., 1990. С.35.) деп белгилегендей, тарыхый чыгармаларды жазууда авторго башкы каарманды жогоркудай кылып өтө эле идеалдаштырууга жол берилбөөгө тийиш.

Дагы бир эске ала турган нерсе, бул тарыхый роман болсо да, жазуучу тарыхый баатырдын образына чектелип калып, ошол учурдагы карапайым элдин жашоосу, психологиясы, көз караштары өтө эле пассивдүү көрсөтүлүп калгандай сыяктанат. Бул романды окуп тарых менен салыштырып жаткан кездерде байкалган дагы бир нерсе – жазуучунун тарыхый хронологияга чырмалышып, тарыхты бурмалабай өзүндөй кылып жазам деп жатып, андан такыр айланчыктап эле алыстай албай калган сыяктуу. Ооба, тарыхый романдар кайсы бир деңгээлде тарыхый документ катары да роль ойнойт, ошондуктан аны анча бурмалабай жазуу керек. Бирок жалаң эле тарыхка да таянып алуу болбойт да. Кандай болгондо да Ж.Токтоналиевдин бул «Баатыр Шабдан» аттуу тарыхый романы кыргыз прозасындагы тарыхый романдардын катарын кыйла толуктары анык.


Болот Оторбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер