Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Чороев: “Бизнестеги кирешелер айланбай, импорт товарлар кымбаттады”

Кубан Чороев: “Бизнестеги кирешелер айланбай, импорт товарлар кымбаттады”

30-ноябрь, 16:02
2 750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экономикадагы оорчулуктардын келип чыгуу себептерине токтолуп өтсөңүз?

-- Бүгүнкү күндө бизде кирешелер эки багыттуу кыскарып атат. Биринчиси, бизнестеги кирешелер айланбай калды. Анын артынан жумуш орундары кыскарууда. Экинчиден, долларга карата сомдун наркынын түшүп кетүүсү элдин чөнтөгүнө чоң сокку уруп жатат. Импорт товарлары кескин кымбаттады. Элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү түшүп кетти. Ошентип, экономикадагы оорчулуктар жаралууда.

-- Дүйнөдө экономикалык абал кандай?

-- Пандемия убагында көптөгөн мамлекеттер фискалдык саясат жүргүзүштү. Бюджеттерине өзгөртүүлөрдү киргизишип, ишкерлерди колдоого алышты. Мындан сырткары, акча жана арзан насыя берүү саясатын колдонушту. Кыргызстанда убагында мындай саясат жүргүзүлбөгөндүктөн, азыр бизнеске өзгөчө кыйын болууда. Учурда дүйнөдө деле рецессия (түшүү) жүрүп атат. Өнүккөн өлкөлөрдө ИДП 7%га түшсө, өнүгүп аткан өлкөлөрдө 2,5%га төмөндөдү.

-- Экономиканы жөнгө салуу боюнча өкмөттүн иш-пландары тууралуу эмнени айта аласыз?

-- Экономиканы, анын ичинде бизнести колдоо максатында Евразиялык фонддон 100 млн. долларлык каражат келмек болчу. Бирок, саясый абалга карата ал жардамдын берилиши кечеңдеп жатат. Бюджеттин таңкыстыгына жана дефициттин көптүгүнө байланыштуу стимуляциялык саясатты жүргүзүү өкмөткө чоң тоскоолдук жаратууда.

-- Экономикалык өсүштөрдү качан күтүүгө болот?

-- Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча экономикалык оор жагдайдын оңолушу 2021-жылы байкалат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер