Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажибай: “Парламентаризм кыргыздардын тарыхына, табиятына жакын”

Алмаз Тажибай: “Парламентаризм кыргыздардын тарыхына, табиятына жакын”

13-ноябрь, 11:51
884 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башмыйзамды өзгөртүү, курултай институтун түзүү өңдүү саясый маселелерди саясый талдоочу Алмаз Тажибай менен талкууладык.

-- Башмыйзамды өзгөртүү тууралуу оюңуз кандай? 

-- Конституцияны өзгөртүү – саясый режимди, башкаруу системасын жаңылоо болуп саналат. Азыркы учурдагы Конституцияда парламенттеги саясый  партиялардын артынан курулган мыйзамдардын баары президенттик аткаруу бийлигине баш ийип келген. Бизде 2010-жылкы негизги мыйзам боюнча аралаш саясый режим болуп саналат: парламенттик-президенттик башкаруу саясый системасы. Бирок, президент жазылбаган коркутуу күч менен УКМК, башкы прокуратура, эсеп палатасы жана башка кээ бир бийлик органдары менен бүт үч бийлик булактарына толук кандуу ээ болгон. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн иштерине да киришип, баш ийбеген саясый инсандарды же оппозициядагы лидерлерди сот жана башка укук органдардын күчү менен куугунтуктап келген. Ошондуктан толук кандуу президенттик башкаруу же бирдиктүү парламенттик системага өтүү зарылчылыгы бар экенин саясатчылар айтып жатышат. Азыркы саясый система боюнча парламент өкмөт курамын бекитет, ошол эле учурда президент аткаруу бийликтин коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген жана кээ бир башка мамлекеттик органдардын башчыларын дайындайт. Жогорку соттун судьяларын бекитип, парламентке сунуштайт. Мындан улам, өткөн президенттер же өкмөт башчылар жана бүт алты чакырылыштагы мыйзам чыгаруучулар жемкорлуктун азабынан жарандарыбыздын алдында жоопкерчилиги жоктугун көрсөттү. Эми Садыр Жапаровдун сунушуна ылайык, президенттик башкаруу системасына өтүү керек. Ал эми ушул Конституциянын негиздөөчүсү жана анын "атасы" деп аталып калган Өмүрбек Текебаев парламенттик башкаруу системасын сакташ керектигин айтууда. 

-- Биздин өлкөгө кайсы формадагы башкаруу системасы туура келет? 

-- Айтылган накта президенттик же парламенттик система "аралаш саясый режимден" жогору турат. Дүйнө жүзүндө өнүккөн, демократияга умтулган өлкөлөр парламенттик системаны тандап алышкан. Анткени, жакшы багытта иш алып барганга, мамлекеттеги көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө көпчүлүктүн акыл ойлору талап кылынат. Көп саясый күчтөр, жарандар өлкөнү башкарууга катышса, анда ал мамлекет өнүгөт. Президенттик система биздин заманбап тарыхыбызда 2010-жылга чейин болгон. Бул башкарууда тең салмактуу саясый системага шарт жок. Буга чейин толук кандуу президенттик башкарунун абалынан жемкорлук күчөп, адам укуктары бузулуп, адамдар, саясый лидерлер куугунтукка алынып, президенттин жакындары, дээрлик элита мамлекетти тоноп, элдин камын ойлобой, экономикабыз өспөй, социалдык абал начарлап калган үчүн эки ажону элдин күчү менен кубалашты. Андыктан, учурда накта парламент системасын орнотсо, анда сөз эркиндиги, адам укугу, демократия процесстери Конституцияда бекитилген максаттар тез арада ишке ашат. Кытайдын биринчи илимпоз-тарыхчысы Сыма Цянь көчмөн кыргыздарды жазып белгилеген убактан баштап хан-падышасы жок болгон. Анын ордуна аскер-демократия орундалып, курултайда (илгерки парламент системасы) убактылуу элдин аскер жетекчисин меритократия (эң мыктылардын бийлиги) системасы аркылуу тандап алчу. Демек, кылым карыткан кыргыздар курултай-парламенттик системасы менен улут жана мамлекет болуп сакталып келсе, анда парламентаризмге кадам жасаш керек. 

-- Башмыйзам кимдер тарабынан өзгөртүлүп жатат? Анын курамы жөнүндө кабарыңыз барбы? 

            

-- Менде андай кабар жок, бирок Садыр Жапаров президенттик формага зарылчылык бар (!) десе, анда анын алдындагы тийиштүү кызматкерлер ошол конституциялык реформага багытталган буйрук-иш менен алек болушу керек. 

-- Курултай институтун түзүүгө эмне түрткү болду? Ага кимдер жана кандай тартип менен тандалат? 

-- Курултай системасы Конституциянын 52-беренесинде каралган. 2020-жылдын башында Конституцияга ылайык, мыйзам долбоорун чыгаруу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынган. Көйгөйдүн баары кимдер жана кантип тандалат (?) деген ар кандай ойлор менен токтоп калып жатат. “Курултайды ишке ашырабыз” деген инсандар ушул маселе боюнча бир ойго келе элек. Мисалы, кээ бир курултайчылар “кыргыздын уруу башчылары дайындалат” дешсе, айрымдар “жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттары болушу керек” дешүүдө. Кандай болбосун аны мыйзам менен бекитиш керек. 

-- Курултай институту дагы өзүнчө бир каржылап туруучу органга айланабы? 

-- Бул институт мамлекеттин тар бюджетине башын салбай, ыктыярчы катары иштеш керек. Мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюм катары. Бирок, "адамдын табити аш жегенден баштап ачылат" дегендей, кийин “мамлекет каржыласын” деген талап пайда болушуна эч ким кепилдик бере албайт. 

-- Парламенттик жана президенттик шайлоону чогуу өткөрүп койсо болбойт беле? 6-чакырылыштын мөөнөтүн узартып иштетүүгө кандай себептер бар эле? 

-- Биз бай мамлекет эмеспиз. Сырткы карыз, бюджетти каржылоо сыяктуу орчундуу маселелер арбын.


Мээрим Асанова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер