Акыркы кабарлар
» Саясат » Манастын атын булгаса, Дастан Жумабеков оңбой калабы?
Манастын атын булгаса, Дастан Жумабеков оңбой калабы?
23-январь, 22:30
787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Трибунага чыкканда “Манас округунан...” деп оозанган Дастанбек Жумабековду жердештери сак-сактай карап, “уят кылбаса” деп сарсанаага батып атышыптыр. “Мурдагыдай партиядан депутат болуп, чалмакейи чыкса мейли, эми Манас атабызды саясатка аралаштырып, чок баспаса экен!” дегендер коңгуроо кагышты. Чын эле, ыйык ысымды булгачу болсо, кесепети тийип, оңбой калбайбы? Бул жагынан өзү да этият кылса... Көнгөнүндөй кошоматын кылып, ойноп кетип, омурткасын кайрып албаса экен. Манастын арбагы касиеттүү эле...
"Азия Ньюс" гезити