Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Садыр Жапаров резонанс жараткан окуяны териштирүү боюнча тапшырма бергени туура болду”

“Садыр Жапаров резонанс жараткан окуяны териштирүү боюнча тапшырма бергени туура болду”

19-октябрь, 18:57
1 832 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камчыбек Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун карама-каршы пикирлери коопчулукта талкуу жаратууда. УКМК башчысы уюшкан кылмыштуулукту жок кылууда президенттин тапшырмасын аткарып атканын айтса, аягында мыйзамдуулугун башкы прокуратура текшерип калганы кандай?

Нурлан Мотуев, серепчи:

-- Прокуратура органдары бул эле эмес, Кыргызстандагы баардык кыбыр эткен кыймыл-аракеттер мыйзамдуу болдубу же жокпу (?) деп текшерип турууга милдеттүү. Булардын функциясы ошол. А сиз айткан Көлбаевди жок кылуу операциясы акыл-эстүү адамдар үчүн прокуратурасы жок эле колдоого аларлык кыймыл аракет болду. Прокуратура деле туура катары таап, кургак фактылар менен ишти констатациялайт деп ойлойм.

Бекболот Талгарбеков, экс-министр:

-- Эч кандай карама-каршылыкты байкаган жокмун. Учурдагы Башмыйзамга ылайык, өлкөдөгү маанилүү иштерге, окуяларга президент жоопкер. Садыр Жапаров өзү деле "жоопкерчиликтен качпайм" деп айтып келет. Менимче, президент УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө аёосуз катуу чара көргүн" деп тапшырма берсе керек. Ал иш-чара кандай аткарылат, иш жүзүндө кандай жагдайлар жаралат – буларды президент оперативдүү билип тура албайт да. Садыр Жапаров ошону айтып жатат. Анын коомчулукта резонанс жараткан окуяны териштирүү боюнча башкы прокуратурага тапшырма бергени туура болгон. Демек, ал окуя так жана калыс изилденип, жыйынтык чыкса, анда коомчулуктагы бүдөмүк, ар тараптуу ой-пикирлерге чекит коюлат эле.

Кайып Шер, активист:

-- Президенттин, күч органдарынын бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштери, кылмыштуулукка каршы күрөшү коомдо резонанс жаратууда. Бийликтин криминалдар менен күрөшүн эл оң баалап жатат. 

 Акыркы 30 жылда Кыргызстанды коррупционерлер менен криминалдар басып кеткен. Тагыраагы, Россиянын кылмыш дүйнөсүнүн салтын карманган Камчы Көлбаев сыяктуулар эбегейсиз салык салып, бизнесмендерге, ишкерлерге баш көтөртпөй келген. Алтургай уюшкан кылмыштуу топтун башчысы өз өкүлдөрүн депутат кылууга жетишкен. Айрым мамлекеттик кызматкерлер жана мурда иштеп кеткендер аны менен мамиле түзгөнүнө уялбай эле сыймыктанган. Анын таасиринин артышына мына ушулар да чоң салым кошкон. 

Башында жансакчылары куралчан экен, ок чыгарышты, баргандарды жарадар кылды дегенден кийин курал көтөрүп, жооп кайтарууга аргасыз болуп, коопсуздук кызматынын кызматкерлери атып жок кылышыптыр. Ошон үчүн эмнеге тирүү кармабадыңар?” деген доомат койбошубуз керек. Андайдын миңи болсо да, Кыргызстандын келечеги үчүн садага чабыш керек. Криминалдар катуу текшерүүгө алынып, кармала баштаганда, Көлбаевдин миллирад долларлык мүлкү аныкталып, мамлекетке кайтарыла турган болгондо, аялы чыгып, муну калтыр, ага тийбе” дей баштады. Илгери Андроповдун мезгилинде ууру-кескилердин жашап жаткан үйүн да конфискацияга алып койчу. 

Негизи Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча күмөндүү жагдайларды жаратып, элдин башын айлантып жаткандар президенттин сөзү эки ача пикир жаратканда күч алды. Президент башкы прокурорду, саламаттык сактоо министрин далбактатып жөнөтпөш керек болчу. Андай нерсени райондун прокурору эле тактап коёт. Президент башкы прокурордон бери ал жерге жиберип, аскердик прокуратура тактайт деп жоопкерчиликтен качкансып турат. Ал ушул сөзү менен Камчыбек Ташиевди “далыга сайып” жатат... 

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер