Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Унаа тоногон куралчан жаран кармалды

Унаа тоногон куралчан жаран кармалды

09-декабрь, 16:09
588 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2-декабрда Бишкекте машинадан 8 миң доллар жана документтер салынган баштыкты уурдап кетти деп жабыркаган киши милицияга кайрылган. 

Жапа чеккен кишинин айтымында, 2-декабрда саат 11:45 менен 12:30дун ортосунда белгисиз адамдар Toyota 4Runner үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин сындырып, акчасын жана документтерин уурдап кеткен.

Машинадан доллар уурдаган кылмышка шектүү жаран 25 жаштагы жаран кармалды. Ал уурулук фактысына шектүү катары кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Шектүүнүн айдап жүргөн автоунаасынан "Форт 12рм" үлгүсүндөгү тапанча, төрт патрон, бычак, эки рация, дүрбү, автоунаанын номери, кол кап жана башка заттар табылган.

Учурда экспертиза дайындалды. Шаардык милициядан кабарлашкандай, кармалган кишинин башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу ыктымал.

Андыктан, сүрөттөгү бул адамдан жапа чеккендер болсо шаардык милицияга кабарласа болот. 

Aryba.kg

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер