Партиялаш талапкерлер Жумабеков менен Икрамовду эмне деп сөгүп атышат?

“Макале”, “Маяне” атка конгон спикер Дастан Жумабеков бөжөңдөгөн кошоматтыгы, сабатсыздыгы менен коомчулукка жек көрүнсө, “Сексалю” Тазабек Икрамов да билимсиздиги, сөзүнөн дайыма мүдүрүлгөнү менен элге таанылган. “Эшегине жараша тушагы” дегендей, экөө бирдей “жексур” көрүнүп, итиркейди келтирип турган чагы го? Эл ичинде “Кыргызстан” партиясына добуш бербөөгө чакырган “чакуруктар” да ырбады. Эмне демекчибиз? Көпчүлүк булардан жүз үйрүп кетчүдөй болууда. Атургай “Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанган айрым белдүү азаматтар Дастан Жумабеков менен Тазабек Икрамовду ашата сөгүп атышыптыр. “Ушул экөөнүн айынан парламентке өтпөй калабызбы?” деп ызырынышып. Ушундан көрө пас деңгээлдерин моюнга алышып эле мал-сал бакканы, же дыйканчылык жумуштарга кетип калышса не?..
Aryba.kg