Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мектепте балдарымды кемсинтишип, “үйүңөр жок” деп шылдыңдашат экен

Мектепте балдарымды кемсинтишип, “үйүңөр жок” деп шылдыңдашат экен

28-февраль, 19:46
981 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Мен 38 жаштамын. Эки баланын энесимин. Тагдыр мени эрте сыноого салды. 13 жашымда атамдан, 16 жашымда апамдан айрылдым. Ата-энесиз калуу тирүүлөй эле тозок экен. Үч агам бар, бирок ар ким өз жашоосу менен алек. Менин барым да, жогум да аларга сезилбегендей болду.

Мектепти бүткөндөн кийин окуй албай, турмушка чыгып кеттим. Өзүм көрбөгөн, билбеген үйгө ала качып барышты. Ошол күндөн баштап жашоомдун эң оор барагы ачылды. Барган жеримде мени келин катары эмес, үй кызматчыдай көрүштү. Жаңы барганыма төрт күн болгондо эле уй саап, мал карап, жайлоого чыгып, иштеп баштадым. Ур-токмок, оор сөз, кемсинтүү күнүмдүк нерсеге айланды.

Алты жыл бою төрөбөй жүрдүм. Ошол алты жылда “мал кара”, “уй саа” дегенден башка жылуу сөз уккан жокмун. Кийин бир уул, бир кыз төрөдүм. Балдарымдын жаш айырмасы бир жыл болгондуктан, экөөнү тең карап, оор жумуш кылууга алым жетпей калды. Белим ооруп, омурткам кыйшайып, үч ай төшөктө жатып калдым.

Ошондо күйөөм мени агамдын үйүнө жеткирип келип, “талак” деп жазып берип кетиптир. Агам менен жеңем “жакшы болсоң, күйөөң таштабайт болчу” деп мени күнөөлөштү. “Балдарыңды таштап кел” дешти. Бирок мен балдарымды таштай алган жокмун.

Таарынып, эки баламды алып квартирага чыгып кеттим. Сеп деп берилген төшөк-оокатымды да кайтарып беришкен жок. Калыңга келген деп үйгө да киргизбей коюшту. Колума эки эле жер төшөк карматып чыгарышты.

Ошондон бери батирден батирге көчүп, ар кандай жумуштарды иштеп, эптеп жашап келем. Балам азыр 12де, кызым 11де. Төрт жылдан бери агаларым бир да жолу кабар алышкан жок.

Эң кыйыны – жүрөктү оорутканы балдарымдын көргөнү. Мектепте классташтары кошпойт экен. “Байкушсуңар, үйүңөр жок” деп шылдыңдашат. “Апаңдын тиши жок” дешет экен. Балам ыйлайт. “Апа, мектепке баргым келбейт, мени эч ким кошпойт” дейт.

Бүгүн баламды мектепке жеткирип барып, алыстан карап турдум. Ал классташтарынын жанына барганда, балдар качып кетишти. Ошол учурда жүрөгүм тилинип кеткендей болду. Өзүмдүн көргөн кыйынчылыгым аз келгенсип, балдарымдын ыйлаганы жанымды көбүрөөк оорутат.

Балдарымдын атасы болсо, бизден кеткенден кийин бат эле үйлөнүп, бир нече жолу аял алды. Бирок өз балдарынын абалын сураган жок.

Кээде Кудайдан: “Эмнеге тагдырым мынчалык оор?” деп сурагым келет. Бирок ошол эле учурда балдарымды карап туруп, чыйралам. “Мен сынбашым керек” деп өзүмдү кармайм. Жашоом оор болду. Бирок мен балдарым үчүн жашап келем. Алар менин үмүтүм, эртеңим.

  

    Нурай

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер