Түнкүсүн тынчтык жок! Эркиндик-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бака-шаканы токтотолу


Бишкек шаарынын Эркиндик-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде шахмат ойноочу жай бар. Экс-министрлерден баштап, ар кандай курактагы ардагерлер да чогулушат. Көрбөгөн адамдардын баары ушул жакта. Маектешип, баш катырышып, шахмат ойноп отурушат. Бирок, ошол жердеги айрым жашоочулар бизге арызданышууда. Себеби, кечкисин карылар буттарын сүйрөп кетишкен соң, анан түнкүсүн ал жайга жаштар чогулуп алышып, арак ичишип, бака-шака түшүп кыйкырышып, жакын жашаган үйлөргө тынчтык беришпейт экен. Президент Садыр Жапаров кечки 22:00дөн кийин коомчулуктун тынчтануусу боюнча мыйзамга кол койгон эмеспи. Бул жарлык аткарылышы шарт. Андыктан, укук коргоочу органдар түнкүсүн Эркиндик-Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги топтошкон жаштарды тартипке чакырып коюшу керек. Тынчтык сакталышы парз. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дечү беле?
"Азия Ньюс" гезити











