Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Жогорку Кеңеш же курултай иштесин да...”
-- Эмил Токтакунович, бүгүн Жогорку Кеңеш тармактык комитеттин чечимин колдоого алып, Аскар Акаевдин ага экс-президент макамын берүү боюнча суранычын четке какты. Бул канчалык туура чечим болду дейсиз?
-- Негизинен комитет шашылбай, комиссия түзүп, негиздеп, ошондон кийин палатага чыгарса болмок. Ал кишини үмүткөр кылбай, чекит коюшу керек эле. Бирок, чечим туура. Бул кишиге экс-президент макамы берилсе, коомчулук туура эмес кабыл алмак. Биринчиден, ал ыңкылаптын айынан кеткен. Акаевге макам берилсе, башкаларга да жол ачылып калат. Анын натыйжасында биз ызы-чуудан башыбыз чыкпай жүрө беришибиз мүмкүн эле. А кишинин кайрылганы негизи туура эмес. Өзү деле ойлонсо болмок.
-- Чечим туура болгонуна эч шек жок, бирок депутаттар маселени эч кандай талкуусуз карап, шашылыш чечим кабыл алып коюшкандары гана таңкалычтуу да.
-- Бул албетте, туура эмес, ошон үчүн комиссия түзүп, коомчулукту талкууга тартып, эксперттер иштеп, анан чечим кабыл алынса жарашмак. Менин оюм ушундай.
-- Бүгүн депутаттар курултай боюнча долбоорго да каршы добуш беришти. Бул боюнча пикириңиз кандай?
-- Курултайдын делегаттары да “мыйзам чыгарууга катышабыз, аткаруу органдарынын ишин көзөмөлдөйбүз” деп ыйгарым укук талап кылышууда. Анда Жогорку Кеңештин эмне кереги бар? Анда алар келип отурушсун бул жерге. Кийинчерээк алар “биз ар дайым иштейбиз” деп чыгышат. Жогорку Кеңеш же курултай иштесин да...
"Азия Ньюс" гезити