Сеид Атамбаев убадалаган каражатын аяп, партиялаштарына бербей атабы?
Парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” партиясы менен аттанган Сеид Атамбаев баштапкы убадаларын иш жүзүнө ашыра албай, эки ортодо чайналып турганын штабындагылар кабарлашты. Депутаттыкка талапкерлерге эл менен иштөө үчүн арбын каражаттарды убада кылганы, учурда анысын аткарбай моюн толгоп атканы кандай? Балапанга жем чачкандай арзыбаган тыйындар менен партиялаштарын жоошутканы ички нааразычылыкты жаратып атыптыр. Каражат калың болбосо, шайлоодон үмүт кылып болобу? Азырынча Сеид Атамбаевден талапкерлери үмүттөрүн үзүшпөй, каржылык колдоону күтүп жатышыптыр. Эгерде куру убада менен “тил эмизе” берсе, анда 4-октябрга чейин командасы тарап кетет го? Негизи Сеид Атамбаев жеңишке жетишпей турганын алдын ала билет, болгону өтпөй калып, батышчыл партияларга кошулуу менен чыр чыгарууну пландаган кербезиби?..
Aryba.kg