Базарбай Мамбетов: “Жерүй кайсы органга кандай салыктардын эсебинен төлөдү? Бүдөмүк...”
-- “Жерүй Кыргызстандын бюджетине алгачкы миллиондорду төктү” деген маалыматтар тарады. Бул маалыматка кошуласызбы?
-- “Алтын-Альянс” май айында “Жерүй Кыргызстанга 219,7 млн. сом төлөп берди” деп жазышыптыр. Бирок, кимге, кайсы органга, кандай салыктардын эсебинен төлөгөнү айтылган эмес. Россиянын компаниясы “Восток геолдобыча” биздин өкмөт менен кенди иштетүүнүн шарттары боюнча башкы келишим түзбөгөндүктөн, чыгарылып жаткан алтындын канча пайызы бизге берилери белгисиз бойдон калууда. Жок дегенде Акылбек Жапаров “Кумтөрдө чыгып жаткан алтындан Кыргызстанга 13%ы берилет” деп келишимге жазып койгону жакшы болуптур. Бизде чет элдик компаниялар иштетип жаткан алтын кендерден бюджетке эч нерсе деле түшпөйт. Эл аралык эксперттер “Кыргызстан өзүнүн алтын кендеринин баарын чет элдик шылуун компанияларга карматып жиберип, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң жардысы болуп калды” деп айткандарына кошулбай коюуга болбойт.
"Азия Ньюс" гезити