Аскар Медетов: “Декан Бакыт Жайлообаев “Манасты” билбесе, факультетти кантип башкарып отурат?”


Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти Аскар Медетов кыргыз тилине жасалган кыянаттык, жалпы көйгөйлөр жана рухий азыгыбыз “Манас” боюнча алгылыктуу кеп козгоду. Көңүл бурууга арзый турган маекке көз чаптыралы.
-- Аске, өткөн жылы ушул маалда тил тууралуу маек курдук эле, андан бери абал өзгөрдүбү?
-- Мамлекеттик тилдин абалы жылдан жылга начарлап баратат. Эми бул заманга жараша болуп жаткан процесс. Алсак, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев жигердүү иштеп, тил үчүн күрөшүп жатат. Бул кызматка келгенге чейин эле илимий-популярдуу эмгектерди жазып, кыргыз тилинде илим жөнүндө телеберүүлөрдү уюштуруп, кыргыз тилинин күйөрманы болуп, патриоттук иштерди жасап жүргөн. Бир чети ойлоп кетесиң, кыргыз тили ушул комиссияга эле керекпи (?) деп. Болбосо ар бир депутат, ар бир министр, мамлекеттик кызматкерлер өзү кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз тилинде жаза билип, эне тилибизге кам көрүшү керек да. Анан министрлер өздөрү сабатсыз болсо, министрликтердин кызматкерлери кайдан жүрүп кыргызча билет? Объективдүү шарттарга түшүнсө болот. Маселен, маалыматтар ташкыны каптап жатат, бардыгы орус тилинде. Бирок ошол маалыматтарды кыргыз тилине которуп берсе болбойбу? Коңшулаш Өзбекстанда эмне үчүн өзбек тили өнүгүп жатат? Себеби, бардык маалыматтар өзбек тилине которулган. Казактар болсо “чек араны билбеген интернеттин ичинде да чек ара болуш керек” деп “электрондук чек ара”, “электрондук эгемендүүлүк” деген түшүнүктү эл аралык укук нормаларына киргизүү керек” деп качан эле маселе көтөрүп чыгышкан. Бул “Казакстанга кирген бардык маалыматтар казак тилине которулат, маалымат булактарынын бардыгы кош тилде болот” дегенди билдирет.
-- Биз кандай кылабыз? Канткенде мындай кыйын абалдан чыгабыз?
-- Маалыматты орус тилинде таратып жаткан булактар, сайттар, телеканалдар милдеттүү түрдө ишин кош тилде жүргүзүшү абзел. Прокатка алынып келинген фильмдердин бардыгы дубляж болушун милдеттүү кылыш керек. Ал үчүн “Маданият жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизип, анан анын жүзөгө ашырылышын талап кылуу зарыл. Ооба, маалыматтар орус тилинде каптап жатат, бирок аны өзүбүз кыргыз тилине которууну уюштуруп, механизмдерин иштеп чыкпасак, тилибиз өнүкмөк тургай күнүмдүк колдонуудан чыгып калат. Эми муну башка бирөө келип жасап бермек беле, өзүбүз жасашыбыз керек.
Кыргыз интеллигенциясынын жалкоолугуна, кайдыгерлигине таңгалбай коюуга болбойт. Бизде кыргыз тили, адабият таануу, тарых илимдеринен башка илим тармактарында илимий стиль калыптанган жок. Изилдөөлөр жүргүзмөк тургай, окуу китептери, илимий-популярдуу китептер жазылбай, дыңы бузулбай турат. Башкасын айтпаганда да юриспруденция боюнча бакалавр, магистрлер көп эле университеттерде даярдалат. Ошолордун бардыгы орус тилинде билим алышат. Анткени кыргыз тилинде окуу куралдары, окуу-методикалык нускамалар сейрек. Кыргыз тилинде дарс окуй турган профессорлор да аз. Бул адистер Россия үчүн даярдалып жаткан жери жок да. Бүтүрүүчүлөр аймактарга барып сот, прокуратура тармактарында иштешет. Ал жерде арыз-муңдун, сот өндүрүшүнүн баары кыргыз тилинде болот. Анан бул шордуулар же кыргызча сүйлөгөндү билишпесе, же сабаттуу жазганды үйрөнүшпөсө, кантип иштешет? Кыскасы, абсурд.
-- Кыргыз тили жана адабияты боюнча адистер жакшы даярдалып жатабы?
-- Балээнин баары ошолордо жатат го дейм. Өлкөбүздө 6-7 университетте кыргыз тили жана адабияты боюнча адистер даярдалат. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей, аларда деле жыргатып билим бере турган жакшы адистер аз. Ж.Мукамбаев, К.Артыкбаев, Б.Алымов, Ж.Шериев сыяктуу илимпоз катары да, педагог катары дагы өзүн көрсөткөн эч ким жок. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо деңгээли төмөндөп кеткен. Азыр таш ыргытсаң кандидат, доктордун башына тийет, бирок арасында фамилиясын ката жазгандар да бар. Ошолор кайсы жыргаган билим бермек эле? Мамлекеттик тилди жүзөгө ашыруу үчүн ириде ушул филология факультеттеринде билим берүүнүн сапатын көтөрүү зарыл. Бир сыйра аттестациядан өткөрүп, жанагы кесиптик даярдыгы начар, сабаттуу текст жазалбаган “бечелдерден” арылбаса иш оңолбойт. Университеттерде кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүрүүчүлөр начар даярдалып, мектептерде кыргыз тили начар окутулуп жаткандыктан, эне-аталар балдарын орус мектептерге берип жатышат. Алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Өлкөбүздө 2001-жылы 140 орус мектеби болсо, 2020-жылы алардын саны 251ге жеткен. Ал эми ЖРТ жыйынтыгы боюнча кыргыз мектептеринин бүтүрүүчүлөрү орус мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө караганда 22 пайызга төмөн балл алышкан. Бул олуттуу ойлоно турган маселе.
Жакында биздин КУУда мындай бир окуя болду. Университеттин өзгөчө макамына ылайык жаңы муундагы билим стандарттары иштелип чыгып жатат. Окуу-методикалык кеңешинде Манас таануу предметинин маселеси каралып, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев “Манас” эпосу жөнүндө эки ооз сөз айтып бергенге жарабаптыр, анан жумушчу окуу планына Манас таануу тандоо курсу катары киргизилип, ал эми геофактын деканы Ы.Токторова географиянын адистер үчүн өтө керек, маанилүү экенин түшүндүрүп берген үчүн география бардык факультеттерде милдеттүү окула турган ЖОЖ компоненти блогуна кириптир. Ы.Токторова өңдүү күчтүү адис жоктон бар кылганы, ал эми Б.Жайлообаев сыяктуу начар адис бар нерсени жок кыла турганы ушундан эле ачык көрүнүп турбайбы! Болбосо “Манас” жөнүндө мыйзам кабыл алынган, аны жүзөгө ашыруу үчүн президенттин жарлыгы, өкмөттүн токтомдору чыккан, декандын ушундай маанилүү документтерден кабары жок экен да. Ушуларды, дегеле “Манасты” билбеген декан Б.Жайлообаев окуу-усулдук кеңештин маанилүү жыйынында эки ооз сөз айтканга жарабай, улуу сөздү кор кылып жатпайбы! Көрсө, Бакыт Жайлообаевдин Манас таануу менен иши да жок экен. Бул барып турган жоопкерсиздик да. Болбосо “кыргыз рухунун туу чокусу” болгон “Манасты” билбесе, кыргыз филологиясы факультетинде кайсы арына декан болуп отурат?
-- Анан эмне “Манас” окутулбай кала турган болдубу?
-- Жок, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы Максатгүл Бокешова чырылдап, ошол документтерди алып барып, маселени кайра көтөрүп жатат. Мамлекеттик деңгээлде “Манас” боюнча ушунча документ бар экенин декан ошол жыйында айтса эле бардыгы жайында болмок” деп айтышыптыр усулдук кеңештин мүчөлөрү. Б.Жайлообаев Манас таанууну өзү билбесе, жанына кафедра башчысын алып алса болот эле да, “өзүң билбе, билгендин сөзүн укпа” деген караңгылардын принциби менен иш жүргүзбөй.
Декандын кризиске кептелген факультеттин ишин оңдоюн деген ниети жок. Башаламан болуп, “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегендей чакчелекей абал болуп турса, ага жакшы эмеспи. Ал ар дайым өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлойт. Биздин факультетте Түркиянын 40-50 жараны магистратураны бүтүрүштү, аларга 531000 “филология” (түрк) багыты боюнча филология илимдеринин магистри академиялык даражасы ыйгарылды. Эки жыл эки ооз кыргызча сөз билбей кетишти. Аларга сабак берген профессор-окутуучулар болсо бир ооз түркчө билишпейт. Алар кантип билим алды деп ойлойсуз? Бардыгы декан Б.Жайлообаевдин “ишмердүүлүгүнүн” аркасында экзамен, зачетторун “эң жакшы” деген бааларга тапшырып, магистрлик диссертацияларын кыргыз тилинде “жазышып”, колдоруна диплом алып, академиялык даражага ээ болуп кетишти. Бул өзүнчө эле коррупциялык схема, текшерилиши зарыл. Б.Жайлообаевге окшогон декандар өздөрү чет элдик жарандарга кызмат кылып, кыргыз тилин окутпай эле диплом берип жатса, анан мамлекеттик тил кантип өнүгөт?
-- Эми бул маңкуртчулукка багыт алуу да?..
-- Ооба, улуттук аң-сезими жок, патриоттук духу төмөн врачтын, инженердин, экономисттин, программисттин, декандын барынан жогу да. Себеби, андай адамдар элин, жерин ойлобойт, жеке кызыкчылыгын гана көздөп, башкача айтканда, космополит болуп калышат. Бул – Кыргызстандын келечегине балта чабуу.
“Инсандын руханий калыптануусу, адеп-ахлагы жана дене тарбиясы” жөнүндө “Улуттук нарк жөнүндө” президенттин жарлыктары ушундай көйгөлөрдү чечиш үчүн чыгарылган. “Манас” – ата-бабаларыбыздын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы, руханий дөөлөтү да. Кытайлар үчүн Конфуций окуусу кандай болсо, мусулмандар үчүн Куран кандай болсо, кыргыз үчүн “Манас” ошондой баалуу мурас. Анан андан кабары жок Б.Жайлообаевге окшогон декандар улуттук дөөлөтүбүздү “культурология”, “социология”, “политология”, “экология” деген сыяктуу жалпы мүнөздөгү сабактардын катарына кошуп, “Манастын” маанисин түшүнбөгөнүн өздөрүнүн иш-аракеттери менен далилдеп коюп жатпайбы!
Ч.Валиханов, В.Радлов, В.Жирмунский, М.Ауэзов, Б.Юнусалиев, Р.Кыдырбаева сыяктуу залкар илимпоздордун изилдөөлөрүнүн аркасында дүйнөгө кеңири таанылып, 138 жыл мурда немис тилине, андан кийин англис, француз, япон, кытай жана башка отуздан ашык тилдерге которулуп, “кыргыз элинин турмушунун энциклопедиясы” болгон улуу эпосубузду ЖОЖдук программанын негизинде илимий-теориялык деңгээлде окутуу президент Садыр Жапаровдун инсанды калыптандыруу, тарбиялоо, улуттук нарк тууралуу жарлыктарын жүзөгө ашыруу менен тыгыз байланышкан. “Манасты” окуп, көкүрөгүнө сиңирген адис элине ак кызмат кылып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө да салымын кошору шексиз.











