Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Жумаева: “Ата-энем, эки агам жана жолдошум менен баламдан айрылдым”

Назира Жумаева: “Ата-энем, эки агам жана жолдошум менен баламдан айрылдым”

14-сентябрь, 17:18
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 35 жаштагы тургуну Назира Жумаева авариялык абалдагы үйдө кызы менен жашап келет. Ал  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын кызы. Мектепти аяктап, Ак-Талаа районунун тургунуна турмушка чыккан. Жолдошу каза болгондон кийин кичи мекенине келип, атасынан калган тамда жашап калган. Ата-энесинен, эки бир тууган агасынан жана бир баласынан да эрте айрылды. 2-топтогу майыптыкка чыккан жалгыз бой эне учурда 4400 сом пенсия алат. Ал эми кызына 1200 сом жөлөк пул алат.

«Мектепти аяктап эле Ак-Талаа районунун тургунуна турмушка чыктым. Жолдошум курулуш иштеринде иштечү. Өзүнүн атасынын үйүндө иштеп жатканда дубал басып, каза болуп калды. Бир балам чарчап калган. Азыр бир эле кызым бар. Күз айларында картошка терип иштеп, кышкыга көң алчумун. Быйыл дагы элдин картошкаларын жыйнап, тапкан акчама алам деп турам.

Бул тамды атам 2005-жылы эски үйдүн ордуна курган. Бирок ортодо киши жашабай калып, каралбай калды. Эки жыл агам жашады. Ал дагы каза болуп калды. Үстүнөн суу агат, кышында жылыбайт. Полу ачык, жука. Эшик-терезелер, айтор, бардык материалдары эски тамдыкы болгондуктан жылуулук деле бербейт. Тамдын ичинен көчө көрүнөт. Таң атканда чатырдан жарык көрүнөт. Бозүйдө жашагандай элемин. Элдин жардамына муктажмын» деди ал.

Назира Жумаеванын байланыш номуру: 0500-00-61-98.

“Турмуш”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер