Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арзыбек Кожошев: “Кытай чек арасы жабылгандыктан киреше булагына 2 миллиардга жакын сом түшпөй калды”

Арзыбек Кожошев: “Кытай чек арасы жабылгандыктан киреше булагына 2 миллиардга жакын сом түшпөй калды”

19-март, 14:07
917 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөткө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы менен маек...

-- Арзыбек мырза, коронавирус Кыргызстандын экономика жаатына кандай таасирин тийгизүүдө?

-- Коронавирус жөнүндө кеп кылсак, бул өтө орчундуу тема болуп атат. Жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып койду. Акыркы жүз жылдыкта мындай 150 мамлекетти камтыган маселе болбосо керек. Албетте, мунун экономикага, анын ичинде мамлекеттик бюджетке түз таасири бар. 

-- Бул боюнча анализ кылып атсаңыздар керек...

-- Азырынча баарын эсептеп чыгууга эртерээк. Терс таасири күндөн күнгө көбөйүп аткан чак. Биринчиден, Кытай чек арасы жабылгандыктан көптөгөн каражаттар, киреше булагына 2 миллиардга жакын сом түшпөй калды. Бул мамлекет менен соода-сатык мамиле бийик болуп эсептелет. Биздин продукциялардын ал жакка жетиши абдан кыйын абалда калды. Казакстандын чек арасы да олку-солку болуп тургансыйт. Буга карабастан өкмөт базар бааларын көзөмөлгө алуу маселесин колго алып, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атканы жүрөк жылытууда. Матрезервде жетиштүү азыктар, анын ичинде ун бар, жакынкы арада тартыштык болбой турганын айтышты.

-- Жеке ишкерлер да кризиске кабылышса керек? 

-- Жеке ишкерлерге да түздөн-түз байланышы болуп, жабыркап жатышат. Себеби, көпчүлүгүнүн жумуштары токтоп калды. Бирөөнүн кафе-рестораны бар, бирөөнүн базары бар дегендей. Ушуларга сөзсүз түрдө коронавирустун кесепети тийип атат. Ал эми мамлекетибизге канча зыян келтирилгени жөнүндө сөз алдыда болор. Маселе көп...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер