Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамбыл Камчиев: “Ош облусунун кашасы чыгып калды. Талас идеалдуу...”

Жамбыл Камчиев: “Ош облусунун кашасы чыгып калды. Талас идеалдуу...”

27-декабрь, 20:34
1 910 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамбыл аке, президенттик шайлоого чыгып аттыңыз эле, эмне болду? Эмне үчүн облустарды, райондорду бөлүштүрүүнү кайрадан карап чыгуу керектигин айтып жүрөсүз?

-- Мен баш тарттым, анткени, БШК дале болсо ХХ кылымдын методу менен иштеп атат. XXI кылым жыттанбайт. Электрондук же санариптештирүү маселеси жок. Мүмкүн эмдиги президенттик шайлоодо мен айткан кемчиликтер жоюлаттыр, ошондо нака талапкер болом... Интернет булактарынан байкайм да, “Кыргызстанда депутаттардын санын азайтыш керек. 60-40, ар бир райондон бирден депутат болсо болот” деп ар кайсыны айта беришет. Бирок, ошону айткан адамдар эч түшүнбөйт да, кээ бир райондордо элдин саны төрт жүз миңге барат, мисалы, Кара-Сууда. Ошол эле учурда 17 миңдин тегерегинде калкы бар чакан райондор да арбын. Аларга деле бирден депутатпы? Ошон үчүн эң ириде административдик түзүлүштү өзгөртүш керек да. Ал Акүйдө отурган же өкмөт үйүндө отурган жетекчилерге ыңгайлуу болбой, ошол жерде жашаган карапайым элге ыңгайлуу болушу абзел. Жашаган айылынан райондун же облустун борборуна пенсия, пособия алганы же башка справка үчүн мамкаттоого барыш керек. Ошондой жерлерге барганда, элдер кыйналып калат экен, бери жагы 100 км, ары жагы 200 км жол жүрүп. Кээ бир облустардын борборуна барыш аябай татаал. Ушуларды эске алган бир да жан жок.

-- Жамбыл аке, сиз куудулсуз да, анан Кыргызстандын кайсы районунда канча адам бар, ал кай жерде жайгашкан, эли эмне иш менен алек экенин кайдан билесиз?

-- Кыргызстандын бардык райондорунда гастролдоп жүрөм. Өзүм жогорку билимдүү болгондуктан, мындай нерселерге абдан кызыгам. Жөн эле концерт коюп жалжактап басып жүрбөй, элдин жашоо шарты кандай? Эмне менен алек? Кантип оокат кылышат? Ушунун баары мага кызык да. Сахнадагы койгон оюндарымдын баары элдин жашоо турмушунан алынат. 

-- “Жүгөрүнү мака дейт”...

-- Ооба, силер жакта “ака” дебей “байке” дейт. Ушуну улай дагы бир нерсени айтайын. Кыргызстандагы административдик бөлүнүштөрдү, облустарды облус дебей кыргызча “дубан” деп аташ керек. Районду “аймак” деп айтсак болот. Баткенден бери карай баштай турган болсок, Баткендеги Лейлек району борбордон 100 км алыстыкта. Бул кимдир бирөө үчүн жакындай көрүнөт. Бул районду экиге бөлүү керек. Баткен облусу бери жактан Кадамжайды, Марказ деген айылды кошуп Баткен дубаны кылып, Лейлек, Кулунду райондору болушу керек. Баткен районун жоюп, облуска түз баш ийе турган кылуу шарт. Кадамжайга 50 чакырымдан алыс эмес болсо, анда бир күндө барып келсе болот. Эгер 100 км болсо барып келүү кыйын болот. Ошондо элге ыңгайлуу болуш үчүн Баткен облусу, Лейлек району, Сүлүктүү шаары, Кадамжай, Кулунду райондору болот. Кызыл-Кыяны өзүнчө облус кылып, ага Марказдан тартып, Жаңы Ноокатка чейин, бул жагы Төө-Моюнду, Бел-Өрүк, Найман, Кулатов айыл өкмөттөрүн, Чоң-Алай району Кызыл-Кыяга карап калат.

-- Сиздин баамыңызда облус, райондор калкынын санына карата бөлүнүш керек экен...

-- Облустардын калкынын саны 250 миңден 500 миңге чейин болсо туура болот. Ал эми райондордун калкынын саны 50 миңден 100 миңге чейин болсо талапка ылайык. Кыргызстанда жалгыз бир облус бар, баардык жагынан идеалдуу куралган. Мен Талас облусун айтып атам. Талас облусу аябай компактный. Төрт чакан району бар. Ал жердин инфраструктурасы жакшы өнүгө баштады. Себеби, баары жакын, адамдардын жашоо шартына ыңгайлуу. Ал эми кашасы чыккан облус деп Ошту айтсам болот. Ошто Өзгөндү өзүнчө облус кылып, бир эле район, бул Алайкуу району болушу мүмкүн. Куршаб, Кара-Кулжа Өзгөн облусуна карайт. Калгандары ошол өкмөткө баш ийген айыл өкмөттөр болот. Акимчиликтер, госбюджеттер дагы азайып, эң башкысы, элге ыңгайлуу болот эле. Өзгөн шаары эски шаар. Бул дагы өнүгөт. Ошто Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорун жоюп, түз эле облуска баш ийиши зарыл.

-- Ошондо өлкөбүздө канча облус, канча район болушу мүмкүн?

-- 1) Каракол дубаны; 2) Ысык-Көл дубаны, борбору Балыкчы; 3) Нарын дубаны; 4) Чүй, Кант дубаны; 5) Суусамыр дубаны (Кара-Балта, Токтогул); 6) Талас дубаны; 7) Таш-Көмүр дубаны; 8) Жалал-Абад дубаны; 9) Өзгөн дубаны; 10) Ош дубаны; 11) Кызыл-Кыя дубаны; 12) Баткен дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары.

-- Жаке, сиз көтөргөн тема аябай эле орчундуу экен. Муну түп-тамырынан бери карап, элге алып чыгыш керек окшойт. Баса, борбор шаарыбызды башка жакка көчүрсө болобу?

-- Бул маселе чынында эле орчундуу. Болочоктогу президент өлкөдөгү административдик бөлүнүштөрдү башынан карап чыгуусу кажет... Ал эми борбор шаарыбыз, андагы улам-улам Акүйдү “басып алгандардан” алыс болуш үчүн Суусамырды борбор кылып алалы. Адегенде Суусамырды облустук борбор кылып,  кийин ал өрөөнгө жаңы шаар куруп чыгабыз. Астанага окшотуп! “Москва бир эле күндө курулган эмес” деген кеп бар го. Анын сыңары, Суусамыр өрөөнүнө курула турган борбор шаарыбызды “Манас” деп атап койсок болот. 

   

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер