Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек УСУПБАЕВ, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Биздин жогорку чиновниктер жалганчы фирмаларды коргоп жатышат”

Акылбек УСУПБАЕВ, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Биздин жогорку чиновниктер жалганчы фирмаларды коргоп жатышат”

22-ноябрь, 09:05
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тармактык маркетингдердин “Здоров” аттуу бетмайлары сиздин атыңыздан реклама болуп жүрөт. Бейтаптар буга ишенээр-ишенбесин билбей, бизге кайрылышты...

-- Бул “Здоров” деген бетмайды жайылткандар интернеттен чыгып жатат. Оруссиянын фирмалары экен. Биздин мамлекетте врачтар дарыларды каалагандай реклама кылганга акысы жок. Бизде клиникалык протокол деп коёт, дартка жараша белгиленген дарылар бар. Мунун баарын жайылткандар – алдамчылар. Орусия, Украина ж.б. өлкөлөрдөн бизге агылып келген тармактык маркетингдердин дарыларын сатуу аракети. 

Менин сүрөтүмдү, мен тууралуу маалыматты интернеттен алып, менин атымдан дары жазган адамдар – алдамчылар. Окурмандарга эскерте кетет элем, буга ишенбегиле! Алардын дарысынын эч кандай жардамы жок. Дабаасы да жок. Баары фейктер. Мени эле эмес, мага окшогон көп профессорлордун атын колдонуп, иштеген фирмалар көп экен. Биз бул боюнча укук коргоо органдарына, ИИМге, саламаттык сактоо министрлигине кайрылдык. Тийешелүү тармактагы жогорку чиновниктер буларды тыйбайт. Биздин мамлекетте мындай адамдарды, алдамчыларды анализдеп, иликтеп текшерүү жүрбөйт экен. Мындай фирмаларды биздин бийликте отурган чиновниктер артынан көрүнбөй колдоп, коргоп турушканы да маалым. Мүмкүн болсо буларды кармап, жазалоо бүгүнкү күндүн талабы. 

-- “Кыргызстандын урологдору эркектерди өткөн кылымдын деңгээлинде дарылап келет” деп да Казакстандын белгилүү урологу айткан пикир да социалдык түйүндөргө жайылып кетти го?

-- Бул дагы жалган пикир. Фейктер эки элдин ортосуна доо кетирүү аракетин көрдү. Заманга жараша улам жаңылануу, дарылоо ыкмаларын жаңыртуу, квалификацияларын жогорулатуу тынымсыз жүрүүдө. Андан көрө элибизди, бейтаптарды жалганчы тармактык маркетингдерден алыс болууга чакырам! 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер