Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Уюлдук телефондорду каттоону санариптештирүү министрлиги жүргүзүүгө тийиш”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Уюлдук телефондорду каттоону санариптештирүү министрлиги жүргүзүүгө тийиш”

24-апрель, 21:03
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү сунуштадыңыз. Буга кандай зарылчылык бар, негиздеп бересизби?

-Бул аябай эле зарыл болуп турат. Кээ бир курулуш компанияларында учредитель жок, курулуш объектилери турат. Эл ошол эле учурда бизден бүтүрүп бергиле деп талап кылышууда. Биз республикалык бюджеттен каражат бөлүп бере албайбыз да, себеби, алар жеке менчик. Андыктан, бир эле вариант бар – тышкы башкарууну киргизүү керек. Өкмөт бүтүрөбү же биротоло токтотобу, чечүүгө тийиш. Анан акча кимге кеткенин, мыйзамдуу жумшалдыбы, эмне себептен ушундай акыбал түзүлгөнүн аныктоо керек. Көп компаниялар акчаны чогултуп алышып, анан курулушту башташат. Ошол эле мезгилде алар бул акчаларды кантип колдонуп жатканын биз белбейбиз. Билели десек, купуя сыр деп документтерин беришпейт. Мейли, купуя сыр экен, бирок айрым курулуш объектилери такыр эле курулуп бүтпөй жатпайбы. Андайлар өтө көп. Мен ошон үчүн сунуштап жатам, андайларга тышкы башкаруу киргизүү керек. 

-- Ошондо сиз тышкы башкарууну баардык компанияларга киргизүүнү сунуштап жатасызбы же шек туудургандарга элеби?

-- Шек туудургандарына эле. Баарына киргизе албайбыз да. Киргизүүнүн деле кереги жок. Бул бизнес да. 

-Баягүнү комитеттин жыйынында сиз уюлдук телефондорду жеке менчик компания эмес, санариптештирүү министрлиги каттоосун сунуштадыңыз...

-- Туура. Себеби, Өзбекстан, Казакстан, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү алсак, аларда бул ишти мамлекет жүргүзөт. Бизде эле эл аралык компания жасайт. Мен изилдеп көрсөм, эл аралык эмес өзүбүздүн эле компания болуп чыкты. Бир чет элдик жаранга каттап коюшкан. 2024-жылдын июлунан тарта каттоо башталып, жарым жыл ичинде алар 180 миллион сомду чөнтөккө салышкан. Андан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Себеби, мен алар төккөн салыктарды карадым. 21 миллион сом киреше салыгын төлөшүптүр, демек, аларга 200 миллион сомдой түшкөн. Эгер каттоону мамлекет жүргүзсө, ал каражат бюджетке түшмөк да. Мен ал компания менен жолугушмакчы болуп, санариптештирүү министрлигине запрос жөнөтсөм, компания адегенде онлайн жолугушууга макулдугун берип, анан бир күн калганда кайра баш тартып койду.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер