Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев каза болду

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев каза болду

31-август, 12:45
305 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Москва шаарында 92 жашында СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев каза болду. Бул тууралуу Россия президентинин административдик аппаратынын борбордук клиникалык ооруканасынын билдирүүсүнө шилтеме берип, жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматта Михаил Горбачев катуу жана узакка созулган оорудан кийин кечээ кечинде каза болгондугу айтылат.

Михаил Горбачев 1931-жылы 2-мартта советтик Россиянын Ставрополь крайындагы Привольный кыштагында туулган. Ал 1985-1991-жылдарда КПСС Борбордук Комитетинин акыркы генералдык катчысы,1988-1989-жылдары СССР Жогорку Советинин президиумунун акыркы төрагасы жана 1990-1991-жылдары СССРдин биринчи президенти болгон.

Горбачев бир катар сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды, анын ичинде 1990-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын алган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер