Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Кышында электр энергиясын чектөөлөр, дээрлик өчүрүүлөр орун алат”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Кышында электр энергиясын чектөөлөр, дээрлик өчүрүүлөр орун алат”

29-июль, 12:00
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтогулдагы суунун көлөмү аз экени коомчулукту кооптондурууда. Кышында энергетикалык кризис жаралып, эл кыйналбайбы? 

-- Энергетика министринин толугу менен кышка даярдыгы жок. Эң маанилүү көрсөткүч – бул кышка даярдык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү. Бүгүнкү күндө ал жерде 10 млрд. 700 эле млн. куб суу топтолду. Былтыркыга караганда 2 млрд. 80 млн. кубга аз. Былтыр октябрь айында 13 млрд. 600 млн. куб суу топтолгон. Быйыл болгону 11 млрд. 600 куб топтолушу ыктымал.

Натыйжада, толук кандуу кышкы мезгилге суунун көлөмү жетишсиз. Энергетика министрлиги менен “Энергохолдинг” “биз электр энергияны Түрмөнстандан, Россиядан сатып алабыз” деп жатышат. Суунун агымы 450-460 куб болуп, 110-120 куб ашык кетүүдө. Ушул агымды энергетика министрлиги үнөмдөсө, 1-октябрга 11 млрд. 600 эмес, 13 млрд. куб сууну топтосок болор эле. Суунун агымы учурда 440-460 болуп жатат. 

-- Суук түшкөндө кошуна өлкөлөрдө да жарыкка карата кризис жаралчу эле...

-- Ооба. Россиядан, Түрмөнстандан сатып алгандары чындык болсо, суунун агымы азыраак болмок. Азыр көп. Биздин энергетика жетекчилери кыш мезгилине кам көрбөй, элди ойлобой, кошуна мамлекеттерге сууну көбүрөөк берип, алардын дыйкандары пахтабы, күрүчпү, буудайы болобу, толук кандуу сугарып, жемишин жыйнап алсын (!) деп кызыкдар болуп жатышат. Бир жагынан ошол бизди өкүндүрсө, экинчи жагынан кышка карата энергетикалык кризис тереңдеп, электр энергиясынын жетишсиздиги пайда болот. Кышында Россиядан, Түрмөнстандан электр энергиясы келбей калат. Себеби, электр энергия Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн, кышында аларда дагы 2-3 млрд. кВт/саат энергия жетишсиз болот. Казакстан аркылуу электр энергиянын келүүсү өтө кыйын болуп калат. Анткени Казакстанда дагы электр энергия жетишсиздиги пайда болору шексиз. Демек, кыш мезгили оор шартты тартуулайт. Кечээ президент буйрукка кол коюп, 1-августтан баштап 2026-жылга чейин Кыргызстандын энергетика тармагына өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Бул кыш мезгилинде жалпы чектөөлөр, дээрлик өчүрүүлөр болот дегендик. Ошонун негизинде кыш мезгилинде эл кыйналып калышы ыктымал.

-- Алдын ала кандай чараларды көрсөк болот?

-- Аз болсо да сууну үнөмдөп, топтогонго аракет кылып, азыртан эле даярдык көрбөсөк, элди кыйнап коёбуз. Экономикабыздын абалы дагы оорлошот...


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер