Күйөөңдү бөтөн аял менен кармап алуу аябай оор экен...


Мен үч баланын апасымын. Азыр алты айлык боюмда бар. Он жылдан бери декретте отурам.
Жолдошум экөөбүз жаңы баш кошкон кезде жашообуз аябай оор болчу. Эч нерсебиз жок эле. Баарын нөлдөн баштадык. Кудайга шүгүр, заманбап, заңгыраган үй салдык. Машинабыз, бизнесибиз бар. Башкача айтканда, турмушубуз жетиштүү.
Бирок акыркы убакта бир нерсени түшүндүм. Бакыт акчада эмес экен... Башында күйөөм мени аябай жакшы көрчү. Эркелетчү. Азыр болсо акчасы көбөйгөн сайын өзү да өзгөрүп кетти. «Семизсиң, арыктабайсыңбы» деп кемсинтип, сөгүп, күн сайын мээмди жеп калды. Мен унчукпай, балдарым үчүн чыдап келдим.
Акыркы күндөрү анын жүрүм-туруму таптакыр башкача боло баштады. Кайда барганын жашырып, шектүү болуп жүрдү. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей эле... Бир күнү телефондон анын геолокациясын карап отуруп калдым. Албай койду. «Иштеп жатам» деди.
Бирок картадан карасам, иштеген жеринде эмес, үйгө жакын паркта жүрүптүр.
Ошондо жүрөгүм тынчыбай калды. «Бул жерде бир нерсе бар» деген сезим күчөдү. Балдарды үйдө калтырып, түн ичинде өзүм чыгып кеттим. Барсам, машинасы паркка жакын жерде токтоп турат. Бирок өзү жок. Паркты ары-бери кыдырып, издеп таппай койдум. Акыры үйгө кайтып бара жатканымда, күтүлбөгөн жерден алдыман анын машинасы чыкты. Ичинде бөтөн аял отурган...
Ошол учурда эмне кылганымды өзүм да билбейм. Дароо телефонумду алып, баарын видеого тартып баштадым. Мени экөө тең таанып калышты. Жолдошум болсо эч нерсе түшүндүрбөстөн машинаны артка айдап, ошол аялды салып алып качып кетти. Ичимден бир нерсе үзүлүп кеткендей болду...
Он жылдык турмуш. Үч бала. Алты айлык курсагымдагы наристе. Бир кезде экөөбүздө эч нерсе жок болсо да, бири-бирибизге таянып жашаган күндөр... Баары көз алдымдан өттү.
Үйгө жеткенде өзүмдү кармай албай ыйлап, ага болгон ачуумдун баарын чыгардым.
Ал болсо болушунча актанды...
Күйөөңдү бөтөн аял менен кармап алуу аябай оор экен...
Эля











