Жолдош Орозов, коомдук ишмер: “Айлык акы, пенсиялар көтөрүлгөнү менен элдин жашоосу жакшырып кеткен жок”

-- Акыркы жылдардагы коррупцияга каршы күрөшүү, бюджетти толтуруу, айлык акы, пенсияларды көтөрүү ийгилик катары сыпатталабы?
-- Азыркы дүйнөлөшүү же дүйнөнү бөлүштүрүү шартында айлык акыларды, пенсияларды көтөрүү көйгөйдү чечпейт. “Коррупция менен күрөшүп жатабыз” деген менен анын тамыры тереңде жатат, менимче, бийлик коррупциянын себептери менен тандалма күрөшүп жаткандай таасир калтыргансыйт. Кандай болгондо да мамлекеттин бюджетине сол чөнтөккө кетип жаткан финансы каражаттарынын бир бөлүгү эле түшүп, казына мурункуга караганда толгондугу отчёттордо көрсөтүлүүдө. Айлык акылар, пенсиялар көтөрүлгөнү менен элдин жашоосу жакшырып кеткен жок. Буга себептер бар: биринчиден, дүйнөлүк саясый согуш кырдаалдары, экинчиден, таасирдүү мамлекеттердин майда мамлекеттерди жакырдантуу менен өз алдына ар кандай шылтоолор аркылуу чөгөлөтүү саясаты. Үчүнчүдөн, элге керектүү продукциялардын кымбатташы. Арийне, кыргыз өкмөтү “экономикабыз көтөрүлүүдө, коррупция менен аёосуз күрөшкөндүк натыйжасын берип жатат” деп пиар кылышууда. Бирок элдин көпчүлүк бөлүгү жакыр жашоодо. Кыргыз бийлиги эң кур дегенде азык-түлүктөрдү кызыл кулактык кылып экономикага чоң зыян келтирген чайкоочу шылуундар менен күрөшө алган жок. Арты келип карапайым элге кыйынчылык жаралууда. Эң негизги урунттуу маселе – бийлик коррупциянын тандалма себептери менен күрөшпөй, анын тамырын кыркуу маселеси олуттуу мааниде күн тартибине коюлуусу абзел. Туура, корруционерлер кармалып жатат, кармалгандар чабактары эле, же болбосо чыныгы дөө-шаалардын жандоочтору гана. Бир сөз менен айтканда, күкүк болуп сайрасаң да колуңда күмүш шекегиң жок дараметсиз байкуш кейпиндебиз, бирок акырындап жылгага жылып баратабыз, ал кандай экенин учур көрсөтөт...
"Азия Ньюс" гезити