Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Осмонакун жүгүнүп, Майрам Акаевага гүл бергенин Омор Султанов таамай жазган тура

Осмонакун жүгүнүп, Майрам Акаевага гүл бергенин Омор Султанов таамай жазган тура

21-январь, 20:58
1 166 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акылы бар, эси жок” Осмонакун Ибраимов деген бар. Мындай дегенибиздин жөнү төмөндөгүдөй: ал Аскар Акаев президент болуп турганда мамлекеттик катчы сыяктуу чоң кызматтарды ээлеп, кошоматчылыкты ай-да кылып, апогейине жеткирген. Адил Тойгонбаевди “бүт кыргыз элинин күйөө баласы” деп, Майрам абжесин “канайым” деген ардактуу атка кондуруп, анын жанда жок жагымпоздугу ырга да салынды. Опера-балетте 8-марттагы аземде кечилдей болуп ийилип, жүгүнүп Майрам Акаевага гүл тапшырганын акын Омор Султанов сүрөттөп жазды го! Эми бул тарых. Көрсө, ошондо эле кашкая баа берилиптир...

Ошол Осмонакун Ибраимов Казакстандагы окуялар боюнча өзүнүн пикирин “Азаттыкка” билдириптир. Анда анын “Нурсултан Назарбаевдин ар кайсы жерлердеги дүнүйөлөрүн сатып, башка жолдорун таап, Казакстандын экономикасына кайтарып, мойнуна коюш керек, элинен кечирим суратыш керек” деп айтыптыр, анысы туура. Бирок Осмонакун эмне үчүн Кыргызстандын 70 жылда чогулткан байлыгын 7 жылга жеткирбей талатып, Кумтөрдү сатканы, миллиарддаган доллар кредиттер уурдалып, Кыргызстанды карызга батырып, итке мингизип кеткени үчүн Аскар Акаевди кыргыз элинен кечирим суратып, уурдап алган акчаларын кайтарып, Кыргызстандын экономикасына кошуу керектигин айтпай, талапты койгон эмес? Тескерисинче, Аскар Акаевди актоо, мактоо менен убара болуп келатат, же анын сөзүн уккан киши жок. Анткени, ал баягы эле керектүү жерде жойпуланып, самынсыз кирип кеткен, керексиз жерде чечкиндүү боло калып, элдин сөзүн сүйлөмүш боло калган Осмонакун да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер