Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Быйыл чөп жакшы өсүп, малы барларга жеңил болду”
-- Дастан Артисбекович, жайкы эс алуу учурунда эл менен көп жолу жолугушууларды өткөргөн чыгарсыз. Шайлоочуларыңыз кандай көйгөйлөрдү айтышты?
-- Быйыл сугат суу кенен болду. Дыйкандарыбыз жер иштетип, төө буурчак, картошка, калемпир өстүрүү менен алектенип, жайы менен талаада жүрүштү. “Төө буурчактын баасы жогору болсо экен” деп азыр Кудайдан тилеп отурушат. Элдин үмүтү ошол, ошону менен жан багып келатышат да. Балдарын окутушат. Сентябрь айы толугу менен түшүм жыйналат. Жыл жаанчыл болгонунан быйыл чөп жакшы өсүп, малы барларга жеңил болду. Ал эми беде эгип, чөп саткандар “арзан кетти” деп бир аз ичи ачышып калышты.
Эң негизги көйгөй маселе: Суумасыр–Талас–Тараз жолунун төртүнчү фазасы башталыш керек эле. Планга кирип, Жогорку Кеңештен бекитип бергенбиз. Бирок, жолдун курулушу эмнегедир кечигип, ошону эл көп суранды. Жүз чакырымдан бир аз узунураак жол Талас шаарына келип токтогон. Андан тышкары, ички жолдор бар. Нылды–Покровка жолу асфальтталышы керек эле. Иш жүрүп атат, бирок өтө жай. Ошол боюнча да көп кайрылуулар түштү. Жаңы мектеп, бала бакчалар салынып жатат, бирок дагы салына тургандары бар. Ошону да суранышты.
-- Таластан Ташкентке жол салуу маселеси көптөн бери айтылып келатат. Ал ишке ашчу долбоорбу?
-- Салса болот. Бул чоң каражатты талап кылчу өтө ири долбоор, аны 2018-жылы бир караганбыз. Туз ашуусу деп коёт, эгер кошуна Өзбекстан менен келишим түзүп, жол салынчу болсо, Таластан Ташкентке 150 эле чакырымда кирип барабыз. Каражат маселеси чечилсе, бул келечекте ишке ашат да.
"Азия Ньюс" гезити