Эмне үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташевди чогуу көрбөй калдык?
Акыркы айларда Садыр Жапаров менен Курманкул Зулушевдин бирге жүргөнүн байма-бай көрө баштадык. Күч органдарынын жыйындарында, курулуш иштеринде, эл менен жолугушууда, Ноорузга арналган ат оюндарында, айтор, президент кайда барса, башкы прокурор жанында жүрөт. Бул көрүнүш кызматтык алакадан сырткары досчулукка айланып бараткандай туюлууда.
Ошол эле кезде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин эл астында кезигүүсүн, бирге басканын көптөн бери көрө элекпиз. Бийликке келишкенден бери талашып-тартышып, кер-мур айтышкандары улам кайталанып, бирок кайра элдешип алышканын угуп жүргөнбүз. Бул саам экөөнүн мамилеси муздай түшкөнү, олуттуу ажырым кеткени айтылууда. Карама-каршылыкка Курманкул Зулушев себепчи болгону, көшөгө артындагы эл билбеген оюндар, интригалар чыңалып баратканы чынбы? Бийликтин баары бириксе да, Камчыбек Ташиевге алдары жетпеси байкалып калды. Себеби, артында бекем электораты, парламентте капчыктуу депутаттары, анан калса саясый элитанын кайсы бир катмары да колдошсо, өзүнүн колунда төбө чачты тик тургузган компроматтар быкшып жатса, оңой жоо эмес да, туурабы? Учурда президенттин айланасындагы кошоматчылар УКМК төрагасы күчтөнүп кеткенин билдиришип, чындыгында коркуп калышканын тымызын айтышып, аны жыгуу үчүн күн-түн дебей кеңешсе дагы, айлалары алты жерден “сөгүлүп” калганы ыраспы? Алсыз команда менен иш жүрбөсүн жөнөкөй таризде байкасак болот бекен? Ушундай.
Айтмакчы, эки дос оппозицияда жүргөндө, баштарына кыйынчылык түшкөндө ынтымактуу эле. Биримдиктери бир муштумга түйүлгөндөй образ жаратчу. А мансапка жеткенден кийин ажырым кете баштап, акырында кризистик жагдайга такалып калыштыбы? “Бийлик үчүн атасы баласын, баласы атасын өлтүргөн” окуялар биздин заманга чейин боло келген эмеспи. Мындай мисалдардан кийин достор шоона эшпей калат го?
Эмесе, бул тирешүүнүн аягы кандай бүтөрүнө анализ жасай туралы. Эл ичине азырынча толук кандуу маалымат жете элек. Кимисин тандашары да табышмак. Же..
"Азия Ньюс" гезити