Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажиктердин максаты – Баткен менен Лейлектин жерлерин ээлеп алуубу?

Тажиктердин максаты – Баткен менен Лейлектин жерлерин ээлеп алуубу?

04-февраль, 09:00
1 307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чынында Ворух бүгүнкү күндүн темасы болуп турат. Ошондон улам эксперттерге “Ворухка жол берүүнүн түпкүлүгү эмнеде? Кыргыз элинин кызыкчылыгы сакталабы?” деген собол таштадык. 

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Ачыгын айтканда, Ворух менен Тажикстандын ортосуна жол Аксай элин аралап өтөт, абдан чоң жол. Ушул жол менен эле пайдалана берсе болмок. Эгерде кандайдыр бир тоскоолдук болсо же оңдоо талап кылынса, каражат бөлүп оңдош керек беле (?) дейт элем, бул биринчиден. Экинчиден, ошол айылдарды аралап өтүүдөгү коопсуздугун карай турган маселелерди чыңдап, ага дагы атайын иштерди жүргүзсө бул жол абдан туура эле болмок. Ал эми жаңы жолду капчыгай аркылуу өтүшүн келечекте эки мамлекет кура турган болсо, көптөгөн кыйынчылыктарды жана ар кандай талаш-тартыштарды алып келип, бул баягы “мина замедленного действия” деп коёт, ошого барып калышы мүмкүн. Ошон үчүн бүгүнкү күндө 39-протокол боюнча жолду караштырып, биргелешип курабыз деген жана аларга атайын жер бөлүп ошол жактан жол салабыз дегенин кайра жокко чыгарганга баардык шарттарды түзүш керек. 

Албетте, бул жолду салууда балким биздин коңшу өлкөнүн жетекчилери кандайдыр бир деңгээлде Ворухта жашаган тажик элинин коопсуздугун эске алып, экинчиден, чек ара маселелерин чечүүдө өзүнө пайда келтиргенге аракет жасашы мүмкүн. Бирок, биз да өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлоп, экинчиден, бүгүнкү күндө болуп аткан окуяга элдердин көз карашы өтө таасирдүү экенин эсибизден чыгарбаганыбыз оң. Үчүнчүдөн, азыркы 39-протокол май айында кабыл алынган экен, баардык процедуралардан толугу менен өтпөй, мыйзамдуу боло элек. Бирок, тажик тарап муну протокол катары иш жүзүндө “ушуга келебиз, иштейбиз” дегендей кылып Тажикстандын ГКНБ башчысы Саймумин Ятимов айтып кетти. Демек, ушул протоколду негизги документ катары такап атканы келечекте өтө опурталдуу жагдайды жаратып коюшу мүмкүн.

Карамат Орозова, коомдук ишмер:

-- Мен бул суроого аркы-берки дебей, ток этерин эле айтайын. Ворухка жол берүү – бул Тажикстандын стратегиялык планы, алардын кызыкчылыгы. Ал жерде кыргыз элинин кызыкчылыгы сакталмак түгүл, чоң көйгөйгө айланат. Азыр берип койсок, кийин ал каталыкты ондоо кыйынга турат. Ворухка ушул кезге чейин каттап турган жол бар да, ошол эле жол менен каттай бериши керек. Андан башка вариантты азырынча көрбөй турам жана вариант катары эсептегим келбейт.

Максатбек Дыйканов, коомдук ишмер:

-- Бул боюнча өтө көп талкуу болуп атат. Мен бир аз тарыхка токтоло кетейин. Мурда жол Аксай айылынын борбору менен өтчү эле. Анан Аксай эли арызданып, “тажик туугандар машинесин катуу айдап өтүп, малдарды уруп кетип, анысы аз келгенсип адамдарга да кооптуу жагдай жаратууда. Биздин айылга кирбей өтсүн” деген талап койгондон улам, жогору жагында батышта Бакай деген жеринен жол жасап, убагында мүмкүнчүлүк берилген. Азыр ошо Бакайдагы жерди трансформациялап чек берилди. Жол кайрадан Аксай айылынан өтө турган болду. Эми жаңы жолду куруу боюнча тажиктердин жана биздин талабыбыз боюнча элге кирбей, тажик менен кыргыз кесилишпесе чыр-чатак чыкпайт деген ойдо алар дарыянын сол жээгинен жолду сурап атышат. 39-протоколдо ошол жөнүндө сөз болуптур. Эми чындыгын айтканда, сөздүн мааниси жол кайдан өтүш эмес, жолдун макамы жөнүндө болуп атат. Эгерде биз аларга жөн эле жолдон өтүүгө уруксат берсек, анда боло берет, кай жерден болбосун. Тажиктер ал жолду тоспош керек, биз аларга коридор кылып бербешибиз керек. Тажиктердин “ал жолдон биз гана жүрөбүз” дегенине да макул эмеспиз деген ойдомун. Себеби, ал жол менен биздин эл малын жайытка айдап чыгышат, ошондой тоскоолдуктар болбошу кажет. Бирок, ошол эле мезгилде бизге маанилүү болгон Төрт-Көчөнү талашып келатпайбызбы, орустар айткандай, “как бы нейтральный зона” деп, демаркация, делимитация маселеси чечилгенге чейин алар да, биз да бирдей тартипти карманганыбыз оң. 

Баткен облусу жаңы түзүлүп аткан мезгилде тажиктер Төрт-Көчөгө пост койгонго аракет кылышкан. Биз адекватту чараларды көрүп атып койдурган эмеспиз. Элдер кенен өтүп аткан. Кийин маселе чыгып, кандайдыр бир протокол түзүлө калды, башка болду, жыйынтыгында тажиктер ошо жерге үйлөрдү, башка объектилерди куруп, толук ээлеп алышты. Биз бүгүнкү күнгө чейин “Төрт-Көчө биздики” деп айтып келатабыз, тажиктер да “биздики” деп айтып атышат. Эми демаркация, делимитация бүткөнгө чейин бул жерди нейтралдык деп айтышыбыз абзел. Эгер биз аларга жолду туура макамда берип, “ошол жолдун жээгине алар эчтеке курбайт, эчтекени пайдаланбайт” деген пункттарды сөзсүз киргизип, жолду биз куруп, биз уруксат берсек болот. Жеке менин оюмда, жаралган талаш маселени комплекстүү түрдө, тактап айтканда, жолдор аркылуу бүт чек араны аныктап, биргеликте чечүү маанилүү. Дагы бир жолу айтайын, ал жолго тажик бир туугандар ээлик кылганы туура эмес. Анан эң кызыгы, азыр ар бир эл эксперт болуп алган. Ал жердин акыбалын билбейт, чек араны түшүнбөйт. Ар ким чыгып алып “жол бербеш керек, жол куруш керек же курбаш керек, жер алмашпаш керек” деген сөздөрдү көп айтып атышат. Бу жерде демаркация, делимитация комиссиясы туура эмес кылса, ошолор жооп берет. Мындан сырткары, кайсы бир талкуу тажиктердин пайдасына иштеп кетиши мүмкүн. Чек араны сүйлөгөндө ар ким абайлап сүйлөгөн оң. Билип-билбей сүйлөгөндөр, популисттер көбөйүп кетти. Буга чейинки протоколдорду ревизия кылса жакшы болмок. Кайсы бир учурда уттурган же күнөөлүүлөргө чара көрүү керек. 

Мамат Айбалаев, коомдук ишмер:

-- Тажик Республикасынын түпкү максаты – Баткен, Лейлек райондорунун жерин ээлеп калыш. Тажик бийлигинин азыркы аракети Исфара–Чоркух–Ворух жолун ачып алып, Лейлек району, Сүлүктү шаары, Самаркандек, Актатыр, Аксай айыл өкмөттөрүн анклавга айландырып, Төрт-Көчө менен Көк-Таш айылынын ортосун тосуп, анклавда жашаган элди кыйнап, жерди ээлеп алыш! Кыскасы ушундай...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер