Бекболот Талгарбеков жазга чейин бийликке убакыт берди


Саясый кырдаалды таамай айткан, анализи бап келген Бекболот Талгарбеков Баткен согушу, чек ара жаңжалдары ж.б. себептерден улам, ичтен тирешүүнү туура көрбөй, жазга чейин бийликке шанс берди. Курч сынга алуудан, митинг, жүрүштөргө чыгуудан оолак турууну тандаптыр. Ансыз да саясый, экономикалык абалыбыз оорлошуп атканда, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылууга батынбаса керек. Эгерде жазга чейин бийлик акылына келип, кетирген катачылыктарын оңдобосо, анда оппозициянын алдыңкы сабына чыгуу менен айыгышкан күрөштү салышы ыктымал. Бул боюнча чет жакасын угуп калдык. Эгерде элдин чыдамы түгөнүп, карайлап калса, мындай шартта үйүнө жатып алууга батынбаса керек. Эмне дейли? Төбөлдөргө дагы жарым жылдай “аванс” берүүдө, эми ыңгайдан пайдаланышса, кемчиликтерди оңдошсо, түздөнүшсө, коомчулук менен эсептешүүгө барышса, туурабы? Кыскасы, Бекболот аганын ыроологон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калышса...
"Азия Ньюс" гезити











