Акыркы кабарлар
» Саясат » Фермерлер министр Тилек Токтогазиевди “митингге чыгабыз” деп коркутушту
Фермерлер министр Тилек Токтогазиевди “митингге чыгабыз” деп коркутушту
01-декабрь, 17:40
1 839 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 1-декабрда Чүй облусунун феремерлери айыл чарба министрлигине келип, өкмөттүн экспортко тыюу салган токтомун жокко чыгарууну талап кылышты.
Фермерлердин айтымында, бийлик алардын ишине тоскоолдук кылат жана бул айыл чарба тармагынын кыйроосуна алып келет. Алар өкмөттөн мындай чечимдерди кабыл алуудан мурун тармактын адистери менен кеңешүүнү суранышат. Эгер бийлик тыюу салууну жойбосо, анда фермерлер митингге чыгарын эскертишти.
Белгилей кетсек, айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салууну сунуш кылган.