Бурак Озчивитке окшоштуруп, түрк жигитимди сүйөм...
Өзүм жөнүндө айтсам, студентмин. Ош шаарында окуйм... Күндөрдүн биринде Инстаграмдан бир бала менен таанышып калдым. Билимдүү, акылдуу бала экен. Ал бирок түрк улутунан. Ошто жашайт. Кыргыз, өзбек, орус тилдерин билет. Мени көптөн бери сыртымдан байкап жүрүп, Инстаграмдан таап алыптыр. Мен аны тоготпой жаман сүйлөп, бой көтөрүп баштадым...
Күндө мага кат жазат. Жылуу мамиле кылууга үндөйт. Жакшы, күлкүлүү анекдотторду жөнөтөт. Бал тилге укмуш салат да. Эриткеничи?.. Сүйлөшүп жүрүп, мен өзүмдүн жарым-жартылай ачык фотолорумду жибердим... Ошентип, экөөбүз тогуз ай сүйлөшүп коюптурбуз. Жүндүү денеси сонун, кытыгылайт... Сонун атырлардан себинип, мага да белек-бечкектерди берип, эрмектеп... Эмнегедир аны түрктөрдүн белгилүү актеру Бурак Озчивитке окшоштуруп, жакшы көрө баштадым. Эми менин колумду сурап жатат. Эмне кылам? Негизи кыздардын чет жакка турмушка чыкканына жиним келчү эле... Эми өз башыма келип отурат. Кээ бир кыргыздын орой жигитине караганда, ал маданияттуу, сылык, көзүмдү карап турганычы? Сүйгөнүмдү “Бурак Озчивит” деп атап алгам...
Акылай А.