Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 28-апрель сот күнү! Генерал Курсан Асановду актоо өкүмү чыгабы?

28-апрель сот күнү! Генерал Курсан Асановду актоо өкүмү чыгабы?

25-апрель, 18:53
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту ИИМдин мурунку орун басары, генерал Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча соттук ишин улантты. Сот тараптардын жарыш сөзүн укту. Андан соң башкы айыпталуучу Курсан Асанов акыркы сөзүн айтты. Ошону менен бирге бул күнү “Чындык” саяйтынын редактору, учурда “Учкун” басмаканасынын директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков, ошондой эле Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановдор да акыркы сөздөрүн айтышты. Алар соттон адилеттикти суранышты.

Сот Адылбек Эсенбаев баардыгына өкүмдү 28-апрелде чыгарат.

   Ибрагим Жунусов, ырчы:

-- Соттук териштирүү отурумунун бу жолкусунда кандайдыр бир күмөндүү нерселерди байкаганым жок. Сот адилеттүү, туура чечим кабыл алат деп ойлойм. Анүстүнө Курсан Сатарович бүт баарын, болгонун болгондой тизип койду. Жактоочулары да Курсандын актыгына далилдүү фактыларды көрсөтүп, мыйзам үстөмдүгүнө басым кылышты. 

Бекболот Талгарбеков, экс-министр:

-- Курсан Асановду чейрек кылымдан бери билем. Басып өткөн эмгек жолу мага алаканга салгандай көрүнүп турат. Өз ишин мыкты билген, мекенди чындап сүйгөн патриот жигит катары ишенимдүү айта алам. Бизде “Элдик генерал” деп сыймыкка татыгандар саналуу эле, анын бири Курсан Сатарович. Мамлекетибиз кайсы гана оор учурда болбосун Курсан ар дайым алдыга чыгып, мекен үчүн ат көтөргүс кызматын кылып келген. Алсак, 2010-жылы Июнь окуясында Ош шаарында комендант катары тынчтыкты орнотууга абдан чоң эмгек кылган. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, төрт жылдан бери созулуп келе жатат. 100 пайыз саясый өңүттө токулган соттук иш. Калыстык үчүн айтып коёюн, бул мурунку бийликтин тушунда ачылган кылмыш иши. Буга ошондогу бийликтин жогорку бутагындагы адамдар кызыкдар болгон. Учурда соттук териштирүүлөр бүтүп калды. 28-апрель күнү соттун акыркы отуруму болот. Толук 100 пайыз акталып кетерине эч шек санабайбыз. Себеби, соттук отурумдун баарына катышып, баарын уктук, көрдүк. Ал гана эмес, айыптоочу тарап да эч кандай далил жок болгонуна байланыштуу  “ишти кыскарталы” деп суранып атышат. Бул албетте туура эмес. Курсан Асановду таза актап бериши керек. Курсан Асанов баардык жагынан баралына келип турган кези: тажрыйбасы мол, эрки, билими күчтүү, потенциалы жогору. Азыркы бийлик Курсанды толугу менен колдонсо, ал өлкөбүздүн өнүгүүсүнө абдан чоң салым кошмок.  

Курсан Асанов, генерал:

-- Төрт жылдан берки созулган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иштери Жараткандын ыйык айында аяктап калганын жакшы жышаан катары баамдап атам. Мага козголгон кылмыш иши мурунку бийликтин, башкача айтканда, президент Сооронбай Жээнбеков учурунда анын аппаратынын орун басары, күч структура боюнча куратору Алмамбет Салиевдин түздөн-түз кийлигишүүсү жана ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевдин, УКМК төрагасы Орозобек Опумбаевдин, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун көрсөтмөсү менен өздөрү каалагандай (жеке эле мага эмес, менин тарапташтарыма, үй-бүлө мүчөлөрүмө, айылдаштарыма) кысым көрсөтүү менен соттук териштирүү амалдарын кылышкан. Менин бир гана кемчилигим – мурунку бийликтин алдыга койгон арам ойлоруна тоскоолдук кылып, Алмазбек Атамбаевди тирүү алып чыкканым болду. Эмне үчүн ошондой жолго бардым? Мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн, жергебизде тынчтыктын туруктуулугу үчүн ар убак аракет кылып келгем. Ошол күнү дагы сүйлөшүүдөн башка иш мүмкүн эмес эле. Андай жоопкерчиликти өз мойнума алып, өзүмдүн өмүрүмдү тобокелге салуу менен ошондой кадамга баргам. Бул – тарых, келечектеги жаштар үчүн өрнөк, үлгү! Мен акмын! Болгону соттон адилеттүү чечимди, өкүмдү күтөм! 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер