Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров шагыраган генералдарга ачууланып, ичинен бушайманга батыптыр

Садыр Жапаров шагыраган генералдарга ачууланып, ичинен бушайманга батыптыр

08-сентябрь, 19:30
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

31-августта Оштогу Төлөйкөн ипподромунда башаламандык орун алып, көк бөрүнүн көркүн кетиришип, эл аралык коомчулукка чейин уят кылышты. Бейбаштыкка баргандардын пас деңгээлдери, арзыбаган эмоциялары өкүндүрдү. Мындай жиндиликти карап отурган Садыр Жапаров аягына чейин чыдабай, баса берди. Ошол маалда жергиликтүү бийликке, уюштуруучуларга нааразы болуп, андан сырткары шагыраган генералдарга да жини келиптир. Тартип, коопсуздукту караган ИИМдин орун басарларына түздөн-түз ачууланганын эшиттик. Дал ушуларга президент өзү генералдык чин даражаларды ыроологон эмеспи. Анан карабайсыңбы, эгемендүүлүк күнүндө ишенимди акташпай, араңжан сүлдөрүн көрсөтүштү. Уят! Садыр Жапаровдун ичинде көп нерсе бугуп калса керек. Баарын айта бербейт да. Бирок генералдардын жүздөрүн эртелеп билип койгону жакшы болуптур. Эртең сатып кетишкенде чыканак тиштегенде не?..

Айтмакчы, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Соке дагы генералдарга ишенип адашкандарын, туура эмес багытты алышканын айтышкан. Негизинен төңкөрүштөргө жеткизген, калпыс маалымат беришкендер да ошолор эле. Өткөндөн сабак алуу керек... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер