Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көлдүн тургуну Украинада каза болгон уулунун сөөгүн күтүп жатканы кабарланды

Ысык-Көлдүн тургуну Украинада каза болгон уулунун сөөгүн күтүп жатканы кабарланды

22-март, 17:09
864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинада cогушта каза болгону айтылып жаткан жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков 22-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, маркумдун сөөгү Кыргызстанга келе элек.

“Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Россиянын жараны. Башка маалымат жок” деди Жумеков.

Украинада согушта кыргыз жигит каза болгону тууралуу маалымат алгач 17-мартта чыккан. Фейсбук колдонуучулардын бири тааныштарынын орус армиясында төрт ай кызмат өтөгөн 19 жаштагы уулу согушта курман болгонун билдирип, маркумдун жакындарына көңүл айткан. Маалыматка караганда, аскер жигит жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Россияда иштеген апасына Россиянын тийиштүү мекемелери уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер