Отуз жылдан ашуун убакыттан бери чогулган көйгөйлөр... Бир жылда арыла алабызбы?
Эгемендүүлүк алгандан бери жол эрежелерин окубай, үйрөнбөй эле айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алгандар он миңдеп саналса керек. Өтө көп. Жыл өткөн сайын автоунаалар да арбып, трасса кырсыктарынан каза тапкандарга, кейиштүү тагдырларга күбө болуудабыз. Ар кандай себептери бар. Биздин жолдор дүйнөлүк стандарттын үлгүсүнө жооп бербейт, кууш, тар. Анан адаттагыдай көбүнчө жаштар же акылсыздар эрежелерди бузушуп, башкалардын убалына калышканы өкүнүч жаратууда. Биз белгилегендей, негизинен айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алгандар да кошул-ташыл экени жашыруун эмес. Ошентип, отуз жылдан ашуун убакыттан бери топтолгон көйгөйлөрдүн кесепеттерин жонтерибиз аркылуу сезүүдөбүз. Бирок, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан алдын ала чечкиндүү чаралар көрүлүп, идеологиялык үгүт-насааттар айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык айдыңда жетишерлик, маңыздуу машакаттын үлгүсүн көрүп жатабыз. “Беш кол тең эмес” дейт, жамандыкты өздөрү тилеп алган айдоочулар, алардын айынан бейкүнөө ажал тапкандар да аралаш бул дүйнөдөн өтүп кеткендерди кантебиз? Андыктан, ар бир адам рулга отурганда, ылдамдыкты ашырбай, этияттап жүрүүнүн камылгасын көрүшү абзел. Бүгүнкү күндө ИИМдин жогоруда аталган башкы башкармалыгы алгылыктуу аракеттер, жаңы идеялар менен иштөөдө. Мурда болуп көрбөгөндөй (!) десек жарашат. Буюрса жыйынтыгын да көрөбүз.
"Азия Ньюс" гезити