Орустардын кызмат адамдары Сегизбаевди калкалап турары айтылды

Президенттик шайлоого чыкканга чейин Абдил Сегизбаев орустардын атайын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бекем ишенимге киргенден кийин аламанга аттанганы кабарланган. Башкы талапкердин айласын кетирип, кыйла компроматтар менен бир ай бою жарга такап турду. Акыры Садыр Жапаровдун ачуусу келип, Сегизбаевдин кылмыштары бар экенин айтканы эсибизде. Мындай болсо камалмак да, туурабы? Шайлоо бүттү. Кол тийбестик алынды. Кызыгы, УКМКнын экс-төрагасынын кылмыштары бар болсо, эмнеге ээн-эркин басып жүрөт? Бул боюнча өздүк булагыбыз билдиргендей, орустардын таасирдүү кызмат адамдары менен Абдил Сегизбаев сүйлөшүп турары, алардын коргоосунда экени жашыруун эмес. Демек, Кремлге көз каранды бийлигибиз башкы оппонентти камай албай, бир топко чайналчудай го?..
"Азия Ньюс" гезити