» Саясат » Ленин округунан парламенттик шайлоого генерал Суваналиев аттанды
Ленин округунан парламенттик шайлоого генерал Суваналиев аттанды
14-апрель, 09:00
498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бир мандаттуу Ленин округунан парламенттик шайлоого Өмүрбек Суваналиев талапкерлигин коё турганы белгилүү болду. Биз тактадык. Негизги оппозициялык күч катары ат салышат. Азырынча генералга тең келе турган чыныгы атаандаштары чыга элек. Көбүнчөсү акчага ишенгендер, атын чыгаргандар же бийликтин колдоосу менен жеңишке жетүүнү үмүт кылгандар. Ал эми Өмүрбек Суваналиев элге, тажрыйбасына жана саясый эркине таянат. Учурда бийликке каршылык көрсөткөн фигура катары каарманыбыз ынанымдуу сын-пикирлери менен коомчулуктун көңүлүн бурдурууда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, протесттик электорат оппозициялык маанайдагы талапкерге добуш беришери болжонууда. Бул жагынан генерал Суваналиев көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп, утушка ээ болушу мүмкүн.