Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Төрөбай Зулпукаров: “Бизге административдик ресурстун кереги жок”

«Биримдик» №1. Төрөбай Зулпукаров: “Бизге административдик ресурстун кереги жок”

22-сентябрь, 18:38
738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ЭлТР телеканалында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Оппоненттердин ар кандай суроолоруна жооп берип жатып, "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясый партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров "Биримдик" партиясы өзүнүн күчүнө, өзүнүн программасына жана идеологиясына гана ишенерин белгиледи.

«Биздин талапкерлердин тизмеси элдин урмат-сыйына татыган кесипкөй инсандардан куралган. Алар өлкөнү ар тараптан өзгөртүүгө даяр. Биздин катарда натыйжалуу жана кандай иштөө керектигин иши менен далилдей алган чиновниктер жана башкаруучулар бар. Эгерде кандайдыр бир административдик ресурстар колдонгону катталса, алар тийешелүү органдарга арыз менен кайрыла алышат” деди ал.

Ал эми “Биримдик” партиясынын “евразиялык тандоо жана демократиялык социализм” дегени эмнени түшүндүрөт?” деген суроого, Зулпукаров “ал боордош өлкөлөр жана стратегиялык өнөктөштөр менен биргелешкен келечек куруу идеяларына негизделген деп жооп берди. «Евразиялык тандоо – бул бүгүнкү күндүн реалдуулугун жаңыча түшүнүү. Бул түпкүлүгүндө биздин тарыхыбыз жана биздин келечегибиз. Миң жылдан бери биз, кыргыздар, башка этностор жана элдер менен катар Евразияда тыгыз жашап келе жатабыз. Бир мезгилде биз Орхон-Енисейден Венгрияга чейин кубаттуу каганат кура алдык. Мунун бардыгы тийешелүүлүгүнө жараша биздин тарыхыбыз жана келечек өнөктөштөр менен тыгыз бир туугандык мамиледе» деди «Биримдик» партиясынын лидеринин орун басары.

Төрөбай Зулпукаров суроолорго жооп берип жатып“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы парламентке өтсө, партиянын катарында өкмөттүн курамында иштей алган, татыктуу премьер-министр боло турган жогорку квалификациялуу кадрлар көп. Дайындоо маселелерин кеңешип, талдап, кылдаттык менен чечебиз. Биздин катарда элдин урмат-сыйына ээ болгон эң ишенимдүү кадрлар бар деп баса белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы туу чокусуна жеткенде партия мүчөлөрү эмне иш алып барды?” деген суроого Зулпукаров ал учурда талапкерлер күнү-түнү оору менен күрөшүүдө өз салымын кошуп, жардам берип келгенин айтты.

«Биздин көптөгөн талапкерлерибиз пандемия күчөп турганда алдыңкы катарда турушуп, калкка гуманитардык, материалдык жана моралдык жардам көрсөтүштү. Атап айтканда, алар ооруканаларды ачып, дары-дармектерди алып берип, техникалык жабдууларга жардам беришти. Мисалы, биздин талапкер Улан Бакасов 9 тез жардам унаасын сатып алып, азык-түлүк жардамын көрсөттү. Дагы бир талапкерибиз Улан Примов өз фондунан Бишкек, Ош шаарларынан баштап алыстагы айыл аймактарга чейин жардам бөлүп берди. Талант Иманов ыктыярчылык жардамын берип жатты. Булар мен атап өткөндөрдүн аз гана бөлүгү” деди ал.

Партиянын лидеринин орун басары “Биримдик” партиясы парламентке өтсө, учурдагы кырдаалдан чыгуу жана процессти так көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн антикризистик планын кеңири изилдеп чыгууга ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи. "Пандемия чоң сабак берди, биз тийиштүү жыйынтыктарды чыгарып, ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек" деди ал.

Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, “Биримдик” партиясынын тизмеси патриоттуулук принциптеринен жана өлкөгө кызмат кылууну каалаган инсандардан түзүлгөнүн айтты. «Талапкерлердин тизмеси түзүлүп, тандоо жүрүп жатканда, партия улуттук, диний жана башка айырмачылыктарына караган жок. Тандоо билим берүү, мекенди сүйүү, эмгекке умтулуу, жаратуу, кадыр-барк жана башка принципиалдуу талаптар сыяктуу критерийлердин негизинде жүргүзүлдү. Ошентип, партия бүгүнкү күндүн мыкты кадрларын топтой алды. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бүгүнкү президенттин башкы оппоненттеринин бири болгон талапкер биздин арабызда алдыңкы орунда турат. Анан кантип биздин партия президенттин партиясы болуп калсын? Биз элдик партиябыз!” деп өз сөзүн жыйынтыктады "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер