Акыркы кабарлар
22:58
» Экономика » ЕАЭБ Кыргызстандын сунушунан баш тартты
ЕАЭБ Кыргызстандын сунушунан баш тартты
21-ноябрь, 00:10

Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына Кыргызстандын атынан катышкан экономика министринин орун басары Элдар Алишеров маалымат таратты. Ал жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнүп, бирок союздаштар аны канааттандырбай коюшканын айтты.
“Үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымын алуунун эки түрү бар эле: жеңилдетилген – бул адамдар үчүн Кыргызстандын мурунку мыйзамдарына ылайык, автоунаага бажы алымы алынчу. Ал эми жалпы – бул унаа баасынын 20% бажы алымы, ага кошумча нарк салыгы кошулат. 2020-жылдын 1-январынан тартып, ушул түрү ишке кирет”.
Aryba.kg