Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Турист” Чыңгыз Айдарбековго ким ишенет?

“Турист” Чыңгыз Айдарбековго ким ишенет?

06-ноябрь, 13:49
1 807 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дипломат “сөрөй” Чыңгыз Айдарбеков жөнүндө өзүбүздүн оюбузду билдиргибиз келди. Бийлик кулай электе эле интернеттен кызыктуу маалыматты окудум эле, ТИМ аппаратындагы дипломаттар жазыптыр. Кызык жана сырдуу маалыматтар бар экен, аны дагы мезгил келгенде изилдейбиз.

1-факт. Түркмөнстанда Чыңгыз Эгембердиев (Чыңгыз Айдарбековдун биринчи фамилиясы) дипломат болуп иштеп жүргөндө контрабанда менен кармалып, айласы кетип, эптеп кутулуп, фамилиясын өзгөрткөн. Муну өзү деле тана албайт жана ТИМде иштеген дипломаттар далилдеп беришет;

2-факт. Асылбек Жээнбековдун ишенимине кирип, кол баласы болгон. Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште төрага кезинде протоколун башкарган (ал жерди текшерсе да «кара изи» бар деп аппараттын кишилери айтышат). Асылбек Шарипович аны Японияга элчи кылып, андан соң тышкы иштер министри кылып дайындаткан. Тилекке каршы, кечээги таянычынан жүзүн буруп кетти;

3-факт. Тышкы иштер министри катары эки жыл иштеп, мамлекетке маанилүү бир да пайда алып келген жок. Галстук тагынып койкоңдоп эле Сооронбай Жээнбековдун жанында жүрдү. Бекеринен дипломаттар аны «турист» деп аташпаптыр;

4-факт. Чыңгыз Айдарбековдун абийири жок экенинин дагы бир далили: кандайча Сооронбай Жээнбековду сатып, Садыр Жапаровдун командасына кирип алганы коомчулукту таңгалдырды. Кыйын болуп, президенттин кеңешчисинин милдетин аткаруучу катары Москвага барганда Сергей Лавров кабыл албай, Кремлге кире албай уят болуп, жаңы бийликтин аброюна шек келтирди.

Үстүртөн эле алганда, ушул фактылардан кийин Чыңгыз Айдарбековго ким ишенет?


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер