Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эми бир төңкөрүш болсо, бизди тажиктер эмес чукчалар деле басып алышат”

“Эми бир төңкөрүш болсо, бизди тажиктер эмес чукчалар деле басып алышат”

27-сентябрь, 19:30
1 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Баткендеги кыйроо, оор жоготуулар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Сабак алабызбы? Мындан аркы кадамдарыбыз кандай болот? Мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элибиздин тынчтыгын сактоо жагынан кандай кеңеш берет элеңиз?

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Албетте, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, элибиздин, жерибиздин тычтыгын сактоодо эң ириде элдин биримдиги “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ички ынтымакта болуп жана стабилдүүлүк керек. Ансыз да биз патриотпуз, бул жагынан кеп жок, аны учурда баарыбыз көрүп жатабыз. Баткенде болуп аткан окуяга баарыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Бул жаатта өзүбүздүн мүмкүнчүлүк жагынан жардам берүүгө ар бир кыргыз жараны кайдыгер болбогонубуз оң. Ал эми калганы – ал жакта кызмат өтөгөн аскер бөлүктөрү, укук коргоо органдары жана ошондой эле ошол жакта жардам берип аткан топтор аракеттерин кылып, кыргыздын элин, жерин сактап калганга баардык мүмкүнчүлүктөрүн, шарттарын түзүп, болгон аракеттерин жасайт, жасай да бермекчи. 

Ашырбек Бакаев, коомдук ишмер:

-- Баарыбыз кайгырып турабыз. Элибиз эр Манастын урпактары, ошо сөзгө татыктуу деген ишенимдемин! Ошон үчүн кылымдарды карыткан байыркы элдерденбиз...

Азыркы заманда эрдик деген сапат согуш майданында эле эмес, илим-билим, экономика, өнөр жай, өндүрүш жааттарында өзгөчө керек. Анүчүн жалпы элибиздин колдоосу менен эл өкүлдөрү, бийликте тургандар акылмандык, көрөгөчтүк менен, мандаттык мөөнөткө же келерки шайлоого чейин эле эмес, 10-20-30 жылга чейин ойлонулган жакшы максаттарды алдыга коюп, жапырт умтулушубуз керек. Баардык тармактардын аракеттери бири-бирине шайкеш келип, бири-бирине түрткү берип, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, чоң ийгиликтерге жетишибиз зарыл!

Эми Баткендеги чакан согуш тууралуу оюм. Өзүңүздөр күбөсүздөр, 1999-2000- жылдары болгон окуядан кийин эле сабак алып, аскердин, согуш өнөрүнүн сапат жагына көп көңүл бурулуш керек эле. Кыргыздын акылман макалынан “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген талабынан саясатташкан, туугандашкан аткаминерлер четтеп кетпеши керек эле. Дагы бир акылман макалды эске алсак, “карынын сөзүн капка сал” деген. Айтайын дегеним, ар бир тармакта абройлуу иштеп, чоң жетишкендиктерди көрсөткөн акыл-эси али тунук, ашкере саясатчыл, туушкан, жердешчиликке берилбеген, жалпы журтка калыс жана адилет кызмат кылган адис инсандарыбыздын мол тажрыйбасын, кеп-кеңешин орду менен пайдалана албай жатканыбыз өкүндүрөт...

Эми деле кеч эмес, айрыкча канча кан, нечен курман болгон жан менен алган сабагыбыз бекер кетпейт деп ойлойм... 

Кыргызстандын келечеги, жалпы элибиздин эртеңки бакубат жашоо турмушу бүгүнкү бийликтин, коомубуздун мекенчил өкүлдөрүнүн колунда экенин унутпашыбыз керек. Ошолорго ишенели, аларды колдойлу! Күнүмдүк майда-барат жагдайларга алаксып, убакытты да, каражатты да бекер сарптабайлы !

Жерибиздин байлыгы, жаратылышыбыздын керемети, элибиздин эрки, кубат дарманы бүгүнкү күндөн бир кыйла мыкты жашоого баардык шарттарды бере алат, кептин маңызы – ошонун баарын акыл-эстүүлүк менен туура, кирешелүү кылып пайдаланууда! Үмүттүн оту эч качан өчпөйт, ишенебиз, жетишебиз, аракетибизден жанбайлы! 

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

-- Үч жолку төңкөрүштөн кийин тажиктер кол салды, эми бир төңкөрүш болсо, тажиктер эмес чукчалар деле басып алат. Мунун баары 30 жылда 30 саясатчы мамлекеттүүлүктү оюнчук кылып, “улак” тарткандай тартканында. 30 жыл башкарган бийликтегилердин “мамлекеттүүлүктү, чек араны, элди сактайлы, кубаттуу өлкө түзөлү” деп түбөлүктү эч ким ойлогон жок!

Келген бийлик байлык топтоп, талап-тоноп, сатып-атып, качып кетип жатты! Чек ара, күч органдарын таасирдүү кылбай, тескерисинче, өз бийлигин сакташ үчүн саясатта колдонуп, милициянын аброю кетти. Эми наалып отура бербей, баарын башынан оңдоо зарыл! Миноборонага байрактар, танка, БТР, БМП, вертолет, истребителдерди алыш керек! Алдын ала чара көрөлү! Чек араны чечип, тосмо тосуп, чек арачыларды ошол жакка жашатыш керек. Ал жакта жашагандын баары чек арачы болуусу абзел. Армияга келишим менен албай, мурдагыдай баары эки жыл кызмат кылган оң. Мектептерге мурдагыдай НВП сабагын киргизип, ГТО тапшырыш керек.

Тажикстан Орто Азияда Украинанын ролун аткара баштады. Бул өтө коркунучтуу абал, бизге эле эмес жалпы Орто Азияга, Өзбекстанга, тажиктердин өзүнө, Түркмөнстанга, Казакстанга Ооганстан аркылуу Россияга чейин киргенге аракет болот. Украинадан, Орто Азиядан Россияга кол салуу болот, бул көп жылга созулат! Ошон үчүн Кудай “сактансаң сактайм” дейт, сактаналы!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер