Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Каяша айткандарды сабап, камай берген туура эмес”

-- Сабыке, амансыңбы? Кээде кумга сиңген суудай эле жок болуп, көрүнбөй кетесиң... Бир аз маек кылалы, досум?
-- Ээ Суке, билесиң да, мен азыр көбүнчө айылда жүрүп атпаймынбы. Пенсиядагы адамсың, кылар иш, салар кушуң жок, анан мурдагыдай шайың болбосо эмне кыласың? Шаарда ыш, тыгын, айылда таза аба, бейкапар жашоо жакшы да... Борбордун боркулдап кайнаган чуулдак турмушунан алыстап, ошентип унутулуп кетип аткан кербезим. Силерге ырахмат, унутпай ушинтип эстеп, издеп каласыңар.
Редакциядан жөнөткөн кат, суроолорду алдым. Ал боюнча маектешсек таң атып, күн батат. Андыктан, акылдуусунган сөздөрдү аралаштырбай эле чорт-чорт, кыска-кыска эле жооптор менен “эметели”... Болбосо, гезитиңдин форматына сыйбайт го...
-- Кеттик анда. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына да утурлай келдик. Аталарыбыздын эрдиги боюнча эки ооз сөзүң бардыр, үн кошчу?
-- Бул биздин аталардын, кыргыз элинин жеңиши. Адамзаттын тарыхындагы эң чоң кыргын. Совет эли 20 миллиондон ашык аскеринен ажырап, Гитлердик фашизмди талкалап, жалпы адамзатты “коричневая чумадан” (фашизм) сактап калган Улуу Жеңиш! Ошол алааматта кыргыз эли адилеттүүлүк, чындык тарапта болуп, боордош элдер менен бирге жеңишке жеткени биз үчүн чоң бакыт, сыймык! Урпактар улуу муундун эрдигин эч качан унутпай, муундан муунга окутуп, айтып, ал аталардын арбактарын сыйлап, урматтоосун камсыздап кетишибиз керек. Айрым элдерге окшоп согуш ардагерлерине орнотулган эстеликтерди талкалап ураткан вандализмден Кудай сактасын! Бүгүнкү күндө бул Улуу Жеңиш тарыхын бурмалап, акты “кара” деп кайра жазгылары келишип, неонацизмди кайтадан жандантып, прокси согуш уюштуруп, реванш алгысы келгендер катуу аракетте. Андайлар кыргыздын ичинде да бар. Пропагандага уугуп, мээбиз айланып, ата-бабалардын арбагын кордоп, мүрзөлөрүн талкалап салыш беш мүнөт экенин көрүп атабыз го. Биз сак болушубуз керек. Мен Улуу Ата мекендик согуштун 60 жылдыгына арналган парадка чоң атамдын иниси, Кызыл Жылдыз, 1-2-3-даражадагы “Отечественная война” ордендеринин, 19дан ашык медалдардын кавалери, артиллериянын запастагы капитаны, согуш ардагери Асаналиев Сапа атабыз менен баргам. Бала кезден тарта диктант, сочинение, эр жеткени жыл сайын 9-майды майрамдап макала жазып келем. Биз унутпайбыз! Урпактар эскерсин!
-- Россия-Украина согушу жакында токточудай эмес. Бул тууралуу чукул-чукул айтып турчу элең, кийинки кездери тынчып калдың. Учурдагы кырдаалга кандай анализ кылып атасың?
-- Бул темага көп кайрылбай калганымдын себеби, кырдаал азыр бир жаңсыл болуп калды. СВО (Атайын Аскердик Операция) башталганда Батыш пропагандасы эмне деп сайрап чыкты эле? “Россия агрессор, тынч жаткан Украинага эч себепсиз басып кирип, кырып атат, бүт дүйнө жүзү орустардан жүзүн буруп кетти, эч ким булар менен алака кылбайт. Экономикасы кыйрайт, эли көтөрүлүп, бийлигин төңкөрөт” деп күнү-түнү тынымсыз сайрап, миллиарддаган долларларга дүйнөлүк ЖМКлардын (СМИ) дээрлик баарын жалдап, адамзаттын башын айландырып алууга ишенишкен. Россия менен ымала кылган мамлекеттерди ачык да, жабык да коркутуп, кол үзүүгө мажбурлап да жатышты. Анан тыянак чыктыбы? “Жалпы адамзатты мөөнөтсүз калп менен шыкап, өмүр бою алдап туруу мүмкүн эмес” деген аксиоманын чын экендигин турмуш дагы бир ирет далилдеди. Бүт дүйнө тескери карап кеткен жок, орус экономикасы кыйрагандын ордуна өсүп атат, Батыштын санкциялары өз баштарына тийди. Россияны жок кылуу максатында Украинаны кайрап куралдандырып, ушул кыргынды уюштурган Батыш өзү экенин түшүнгөн Россиянын көп улуттуу калкы бир муштумдай түйүлүп, биримдиги күчөп, “жеңишке жетмейин артка кайтпайбыз!” деп турат.
Тескерисинче, АКШ баштаган НАТО мүчөлөрү согуштан тажап, бул кырдаалдан кантип жүздөрүн жоготпой чыгарын билбей баштары маң болуп, ич ара ынтымагы ыдырай баштады. Согуш талаасында ядролук держава Россияны жеңүү мүмкүн эмес экенин түшүнгөн глобалисттер менен миллитаристтер деле жүздөгөн миллиард долларларды майнапсыз кумга куйган суудай чача бере албастыгы айкындалып, алар деле Трамптын күнөөнүн баарын Байденге сала берип согушту токтотуу аракетине каршы эместей. Трамптын бул аракетине каршы чыккан АКШнын демократтары, согушчандары жана алардын Батыш элитасындагы колдоочулары кандай да болсо согушту улантууну көздөп, Зеленскийди кайра-кайра чакырып көкүткөнү менен бере кала тургандай каражаттары, куралдары мурдагыдай кенен, анан белен эместиги ачык байкалууда.
Сүйлөшүүгө, согушту токтотууга адегенде макул болгон Владимир Путин Дональд Трамтын кысымга салуу аракеттерин четке кагып, Вашингтондун кош стандарттуу аракеттерин жактырбай, “керек болсо Россия өзүбүз эле чечебиз” деген пикирин билдиргени маалым.
Ушундай кырдаалда Зеленский 9-майда Москвадагы парадды атаарын жар салып, накта террористтик жүзүн көрсөттү. Атабы, ата албайбы? Биз аны билбейбиз. Атса, албетте, жоопсуз калбайт. Жооп катуу болору да Кремль тарабынан эскертилди. Эскалация болсо чоң согушка дагы бир сөөм жакындайбыз. Бирок кантсе да Россия артка кайтпайт. Убактылуу ок атышууну токтотуу эмес, көп жылдык туруктуу тынчтыкты камсыздоо тууралуу гана сүйлөшүүлөргө барат. Бир сөз менен Россия айтканынан кайтпайт, жеңилбейт! Ошон үчүн бул темага азыраак кайрылып, санаа тынч, жазбай жүрөм.
-- Кыргыз саясаты кантип атат? Бийликке карата сын-пикир айткандар деле суюлуп, калбай барататат го? Мындай дымуу, ичтен бышуунун аягын кандай элестетесиң?
-- Өткөндөбү, же андан мурунку саныңардабы, “бийликке каш кайырып сын-пикир айткандар калбай, баары коркуп калды” дегендей пикирди окуп калдым. Коомчулук ичинде да ошондой “всех задавили, напугали” деген сөздөр айтылып, нааразы болгондор толуп атат. “Эң туура, мочит, расстрелять” дегендер да бар. Турсунбек Акун да өлкөдөгү адам укугу, сөз эркиндиги тууралуу айтып атканын эшиттим. Айтор, “жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, бул сөздөр бекер жеринен чыккан жок.
Коом болгондон кийин ар түркүн пикирлер, ойлор, каяша айткандар чыкпай койбойт. Анан алардын баарын эле баса калып камап, сабап, чындыкка дал келбеген кылмыш иштерин токуп, кысым жасай берген туура эмес. Мисалы, Канышай Мамыркуловага каршы “госпереворот” кылганга аракет (!) деген айыптоо тагылып камалышын көпчүлүк абсурд, өзүм билемдик катары эле баалашты. Журналисттер мага байланышты, “бийликке бошотууну суранып кайрылуу жаздык” дешип. Кол койдук. Жооп жок. Соцтармак убактылуу чуулдады, токтоду. Көпчүлүк катмар “без толку, аукнется еще” деп аралашкысы да келбей калды. Бийлик болсо “биз 12 саат жаныбызды үрөп иштесек, булар тоскоолдук жаратып, жалаа жаап, жаманаттылап атат, эл бизди колдойт, ошондуктан катуу чараларды көргөнгө акыбыз бар” деген түшүнүк менен аракеттенгендей көрүнүүдө. Ал туура эмес. Бийлик адилеттүү саясат жүргүзүшү керек. Адам кылган кылмышына жараша жаза алышы шарт.
Канышай эми тынымсыз бийликти сындап келгени чын. Ал мыскылдачу, мазактап ийчү, абройлоруна да шек келтирчү. Анан ошо боюнча камаганга туура келбей, оор статья “госпереворот” менен иш козгоп, түрмөгө тыгып салуу мыйзамга да, адамгерчиликке да сыйбайт эмеспи.
Ооба, мурунку бийликтерге салыштырмалуу азыркылар иштешүүдө, дурус эле. Анан “жакшы иштеп атам, эл колдойт” деп өзүм билемдик кылган туурабы? Ооба, бүгүн коомчулуктун пикири, сөзү ошондой, “покко” татыбайт. Ооба, коркуп турат, “теңелбейли” деп чочуганы андан көп. Анан “булардын колунан эчтеке келбейт, коркутуп алдык” дегенсип эле журналисттерди, коомдук активисттерди, саясатчылардын четинен камай берүү кандай жыйынтык апкелет?..
Экс-депутат Султанбай Айжигитов менен аялы экөөнүн көгала койдой сабалганы тууралуу маалыматтар, видеолору дагы коомчулукту катуу шок кылды. Тажик чек арасы боюнча каршы сүйлөп, эркин добуш берип, акыйнек айтышып, акыры ушуга жетти. Кыргызда башы токтой элек эр жигиттер, жаштар бири-бирин сабашат, анан минтип чоң атаны, абышканы тепкилеген... Каршы добуш берсе бере берсин, калган 90%ы “макул” деп кол көтөрүп берсе жетет да. Тескерисинче, 100% “макул” болгону таңкалычтуу, аныгында коркунучтуу эмеспи! Бул боюнча деле жактоочулар менен боктоочулар бир аз уу-дуу түшүп барышып тынчышты. Жооп жанагы эле, “что толку”?
Канышай Мамыркулова боюнча журналисттер, коомчулук бийликке кайрылган, Султанбай Айжигитов Садыр Жапаров менен башкы прокурорго УКМК кызматкерлери тарабынан аялы экөө катуу сабалгандыгы тууралуу видео тиркеп, кайрылуу жасады. Эми президент Садыр Жапаров чара көрүшү керек да, туурабы? Себеби, кыргыз жаранынын укугун коргоо анын тикелей милдети. А эгер чара көрбөсө кандай? Анда ким болбосун, “демек, өзү сабатып аткан тура” деген жыйынтыкка келери шексиз эмеспи?..
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити