Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик кассалык аппарат боюнча шарттарды ишкерлер менен чогуу иштеп чыкмай болду

Бийлик кассалык аппарат боюнча шарттарды ишкерлер менен чогуу иштеп чыкмай болду

12-январь, 19:41
1 179 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугуп, контролдук-кассалык аппараттар боюнча сүйлөштү. 

Ал контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөнүн белгилеген. Жапаров өкмөт жаңы салык киргизбегенин айтып, муну менен катар товар жүгүртүү 8 миллион сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченемди эске салган.

“Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз. Эсеп бардык жерде болушу керек. Бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет. Фискалдаштыруу менен санариптештирүүнү өлкө ичиндеги, анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылын көзөмөлдөө үчүн киргизип жатабыз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Диалогго даярбыз. Силерге да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели” деди Акылбек Жапаров.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер