Акыркы кабарлар
» Саясат » Тынчтык Шайназаров башкы прокурорлукка чуркап атабы?
Тынчтык Шайназаров башкы прокурорлукка чуркап атабы?
30-январь, 22:59


БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровго карата өткөн парламенттик шайлоо боюнча көптөгөн сындар айтылды. Катачылыктары кашкайып, нааразычылыктар жаралганын соцтармактардан көрүп-угуп келдик. Натыйжада, Шайназаров эрдик кылып салгансып, эми башкы прокурор болууга чуркап атабы? Бул боюнча тар чөйрөдө кеп кызыды. “Шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи. “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, эми көрө жаталы.
Айтмакчы, саясатчы Жылдыз Жолдошова жакында билдирүү жасап, Тынчтык Шайназаров тергөөчү кезинде ири көлөмдөгү наркотикалык зат менен кармалганын билдирип чыкса, эмне үчүн реакция жасалган жок? Бул боюнча ар кандай версияларды башка ЖМКлар да жазып келишкен...











