Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жусупбек мырза, сиздей баатырдан балалуу болгум келет...

Жусупбек мырза, сиздей баатырдан балалуу болгум келет...

19-декабрь, 18:52
11 941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Жусупбек Коргонбай уулуна!)

Сизди парламенттин трибунасынан биринчи көргөндө эле жактырып калгам. Жасалмасы жок, таамай сүйлөп, элдин көйгөйүн айтып келесиз. Ак көңүл, ошого жараша эр жүрөк да экенсиз. Бир жылдан ашык убакыттан бери сиз жөнүндө маалымат чогултуп, таанышууну кыялданып келем – бул жашоодогу негизги максатым... 

Өзүм жөнүндө кыскача токтолоюн. Мен Бишкектеги жогорку окуу жайында мугалим болуп иштейм. Жашым 28де. Турмушка чыга элекмин. Билим алууну, карьераны биринчи планга коюп, иштеп келем. Баары жетиштүү. Бир гана сизди жактырып калгандан бери түн уйкум бөлүнүп, көп ойлончу болдум. Үй-бүлөңүз бар экенин билем. Ошон үчүн өзүмдү кармап, тоскоол болуудан корком. Бирок ичимден сиз менен таанышып, мамиле курсам дейм. Экинчи жубайыңыз болууну ойлойм. Бул мен үчүн кандай оор сезим экенин туям, кыйналам... А сүйүү жашка, дагы көп тоскоолдуктарга карабайт тура. Жаңы жылда таанышууга барууну ойлонуп жатам. Мындай чечкиндүүлүккө кандай күч керек? Телефон номериңизди да таптым. Чындыгында байланышууга эрким жетпей келет. Жусупбек мырза, мен кыялымда сиздей баатырдан балалуу болсом... Катты жазып жатып, сөздөрүмдү көп оңдодум, чындыгында ачык жазууну өзүм да күткөн эмесмин. Кадимкидей жеңилдей түштүм. Жаңы жылда жаркыраган жашоону элестетип, биздин бактылуу күндөрүбүздү жаратсак...


Айка 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер